Эртең кыргыз-казак Айтышы башталат. Кимдер катышат? (Тизме)

Эртең кыргыз-казак Айтышы башталат. Кимдер катышат? (Тизме)

Эртең, 30-августта кыргыз-казак айтышы башталып, 31-августта жыйынтыкталат. Айтыш төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө. Мындай иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Айтыштын байге фонду 2 млн сомду түзгөн.

Кыргыз-казак акындарынын тизмеси:

Кыргызстан:
1.Жеңишбек Жумакадыр
2.Азамат Болгонбаев
3.Асылбек Маратов
4.Амантай Кутманалиев
5.Жылдызбек Төрөканов
6.Баян Акматов
7.Эламан Келдибеков
8.Шайлообек Отунчиев

Казакстан:
1.Айнур Турсунбаева
2.Алтынбек Ибрагимов
3.Балгынбек Имаш
4.Биржан Байту
5.Жандарбек Булгаков
6.Мухтар Ниязов
7.Сырым Ауезхан
8.Нурлан Эсенкулов

Ак таңдай акын Алымкул Үсөнбаевдин баскан жолу

Айтыш төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып өткөрүлүп жаткандан кийин, бир аз маалымат бере кетели. Маалыматыбызды төкмө акын, чебер комузчу, аткаруучу Алымкул Үсөнбаевдин өмүр баянына баштасак.  

Көп кырдуу таланттуу: төкмө акын, комузчу, обончу, дастанчы, эл артисти, Токтогул Сатылгановдун окуучусу Алымкул Үсөнбаев Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин атасы. Ал атасынын экинчи никесинен. Атасы кайталап турмуш курганда кыргыздын таланттуу акыны Назим Беркимбай кызын алат. Эки талант үч эркек, төрт кыздуу болушат. Замирбек Үсөнбаев үй-бүлөнүн кичүүсү. Ал ата-энесинин жолун жолдоп төкмөчү акын болуп, эл оозуна алынып, жаш төкмөчүлөрдүн төрүндө отуруп, аларга устат болуп келет.
Залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаев Талас облусундагы Манас районуна караштуу Кара-Арча (азыркы Арал) айылында 1894-жылы 28-майда жарык дүйнөгө келген. Ал ата-энесинен (12 жашында) эрте ажырап, жетимчиликтин азабын тартат. Ар кайсы туугандарынын колунда, ар кайсы жумушта иштеп чоңойгон. Ошентсе да колунун комузун түшүнбөйт. 14 жашынан ыр чыгарып, комуз чертип, Талас өрөөнүнө таанылып, белгилүү акын болот. Ошол жашында улуу акын Токтогул Сатылгановго жолугуп, андан таалим алат. 1936-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик филармониясына артист болуп кирип, өмүрүнүн акырына чейин талыкпай иштеген. 1963-жылы каза болгон.

Алымкул Үсөнбаевдин чыгармаларынын дээрлик үчтөн бири балдарга арналган. Анын ырлары, тамсилдери, поэмалары, адабий жомоктору балдар адабиятына кошкон баалуу салымы болуп эсептелет. «Ырлар» аттуу биринчи жыйнагы 1938-жылы басмадан чыгып, андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи Бөкөй» аттуу поэмалары, «Кожожаш» аттуу жомогу жазылып алынып бир нече ирет китеп болуп басылган. Токтогул жөнүндө бир нече баалуу эскерме жазып калтырган, Токтогулдун ырларын жыйнап бастырууда зор эмгек сиңирген.

1938-жылы Алымкул Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Отуздай китеби чыккан. Тандалган чыгармаларынын бир томдугу 1973-жылы жарык көргөн. Онго жакын китеби орус тилинде чыккан. 1939-жылы ага Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген. 1938—63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Кыргыз адабияты менен искусствосуна сиңирген кызматы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Бишкекте бир көчөгө, Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы мектепке, Өзбекстандын Наманган областында Коргонтөбө районунун Моңол айылындагы мектепке ысмы берилген.

Кысымда калган кыргыз тили

Мына ушундай таланттуу адамдарыбыз сөздүн наркын, эне тилибиздин баркын билип, аны даңазалап келген. Эмичи…

Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына туптуура 30 жыл болот экен. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Коңшу мамлекет Казакстандан озунуп алдык макамды, бирок, алардан артта калдык.

Кыргыз тили учурда кысымда калды, өгөйлөнүп калды. Бул ачуу чындык. Мына далил, көчөгө чыксаң кичинекей балдарына энелери кыргыз тилинде эмес, орусча сүйлөп баратканын көрөсүң. Балдарыбызды кыргыз мектепке эмес, орус мектепке бергенге аракет кылабыз. Ал эми динге өтө берилип кеткендер болсо арапча сүйлөп калышты. “Адалды – халал”, “арамды – харам”, “ак чүч – алхамдулла”, “оомийиди – аминь” дешет. Динге эч ким каршы эмес, бирок, өз тилибизде сүйлөсөк болбойбу?!

Бул эми ылдый жактагы көрүнүш. Жогору жактагыларды мисалга алсак, былтыр бул көйгөйлүү маселе Жогорку Кеңеште каралды. Анда спикер Чыныбай Турсунбеков эле. Эне тилибиз жөнүндө парламентте жыйын болгон. Ошол жыйында депутат Ирина Карамушкина парламент трибунасынан уялбай туруп: “Жумушка кирүүдө кыргыз тилин билбөө чектөө болуп калды. Ошондуктан орус тилине да мамлекеттик тил макамын берүүнү сунуштайм”, – деди. Буга 120 депутаттын бирөө да ооз ачпай, тултуюп отуруп берди. Орус тили качан өгөйлөндү? Карамушкинаны качан кыргызча сүйлө деп кыйнадык? Кыргыз тил макамын алганыбыз менен баягы союз убагындай эле орус тилинде сүйлөп келатпайбызбы. Бир орус отурса ошол түшүнбөй калат деп дагы деле орусча сүйлөйбүз. Же калппы? Негизи кыргыз тили кысымда калды. Бул ачуу чындык! Ушул кемчилигибизди эртең акындар айтып, ырдашса сонун болмок…

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.