СҮЙҮНЧҮ: Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов үй камагына чыгарылды

СҮЙҮНЧҮ: Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 29-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды Биринчи май райондук соту кайра карады. Бөгөт чарасын кароого адвокаттар менен эки саясатчынын туугандары жана ЖК депутаттары гана киргизилди. Журналисттер (ушул жерден баса белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү ишти чагылдыруу үчүн КТРК менен ЭлТРдин журналисттери да келди, буга чейин келишчү эмес — авт.) киргизилген жок.

Соттун жыйынтыгында, саясатчыларга мындай чечим чыкты. Саясатчылар үй камагына чыгарылды.

Буга чейин Асия Сасыкбаева журналисттерге интервью берген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Эскерте кетсек, 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык жаран, шылуун (учурда түрмөдө) Леонид Маевский каралаган. Ал «пара алган» деген көрсөтмөнү (Атамбаевдин бийлигинде) берген. Ошонун негизинде, 2017-жылы камакка алынып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.