Урмат БАРЫКТАБАСОВ: “Сооронбай Шарипович, Садыр Жапаровду абактан чыгарып коюңузчу”

Урмат БАРЫКТАБАСОВ: “Сооронбай Шарипович, Садыр Жапаровду абактан чыгарып коюңузчу”

Абактагы Садыр Жапаровдун Дастан аттуу тун уулу каза болгондон бери социалдык тармактагы эл экс-депутатты камактан бошотуп коюну бийликтен суранып жазып жатышат. Калкты кайрылуусун колдогон Урмат Барыктабасов да президентке кайрылды.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Ушул көпчүлүк элдин оюна мен да кошулат элем. Айкөлдүңүзгө салып Садыр Жапаровду абактан бошотуп беришиңизди суранат элем. Атасы баласын жоготуу — бул өтө чоң кайгы. Бир кыргыздын уулу каза болду деп, мен да кайгыга батып отурам… Гүлү ачыла элек бала, өмүрүнөн ажырады деп ыза болуп отурам..
Сиздин боорукерлигиңизге, айкөлдүңүзгө ишенип, кайрылып жатам.
Биздин Президентибиз деп кайрылдым, кыргыз элинин жараны катары…

Кыргыздын баласы үчүн күйгөндөр болсо, менин кайрылуума кошулуп коюңарды суранат элем”,-деп жазган У. Барыктабасов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.