ВИДЕО: Атамбаевге тиешелүү документтер Курсан Асановдун баласына кантип өткөрүлүп берилген?

ВИДЕО: Атамбаевге тиешелүү документтер Курсан Асановдун баласына кантип өткөрүлүп берилген?

7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевдин үйүндө болгон окуялар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асанов да бар.

Анын баласына издөө жарыяланганын бүгүн (29-августта) Башкы прокуратура маалымат таратты. Алардын маалыматына караганда, 8-августта К.Асановдун жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу Атамбаевдин үйүнөн маанилүү буюмдарды, документтерди жана башка керектүү нерселерди алып чыгып кеткени аныкталган. Ал 8-августта саат 21:00-21:15 чамасында, ИИМдин имаратынын жанында К.Асановдун тапшырмасы менен буюмдарды анын баласы Мухаммед-Али Асановго өткөрүп берген. М.Асанов болсо аны А.Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп бермек.

Эскерте кетсек, 27-августта К.Асановго Жазык кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүмү (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жатканы билдирилген. Ошол эле күнү “аталган кылмышка катыштыгы бар” деген шек менен анын уулу (1997-жылы туулган) М.Асановго карата кылмыш иши козголуп, сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган. Ошондон кийин ага издөө жарыяланган.

23-августта К.Асановдун жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек да кармалып, ага кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Колдон колго өткөрүлгөн документти төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.