ВИДЕО: Өмүрбек Текебаев эч кимден өч албайм деп, түрмөдөгүлөрдүн жасаган кемесин көрсөттү…

ВИДЕО: Өмүрбек Текебаев эч кимден өч албайм деп, түрмөдөгүлөрдүн жасаган кемесин көрсөттү…

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович менен ӨКМнын мурдагы министри Дүйшөн Чотоновго байланыштуу ишти кайрадан Биринчи Май соту карап, эки саясатчыны үй камагына чыгарды.

Өмүрбек Чиркешович өзү айткандай, кол чабуу менен чыкты. Сыртта турган тарапташтары кубануу менен кол чаап, тосуп алышты. «Ата Мекен» партиясынын офисине ээрчип барып, сөзүн укту. Ал жерде көрүнүктүү саясатчылар сөз сүйлөп, каалоо-тилектерин айтты.  Роза Исаковна болсо, кубанып: «Биз бактылуубуз, бүгүн бүт кыргызстандыктар майрамдап жатат»,-деди. Ал эми Болот Шер: «Өмүке, башка партиялардай болуп, биздин партиянын мүчөлөрү сени сатып кеткен жок. Башка партияларды көрбөдүкпү…»,-деди. Аягында Медеткан Шеримкулов бата берип, «эч кимден өч алам деп ойлобогула, аларды Кудайга коюп койгула»,-деп кеп-кеңешин айтты.

Андан кийин, Өмүрбек Чиркешович офистеги өзүнүн кабинетине кирип, журналисттердин суроосуна жооп берди. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон (видео «АКИпресстики») көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.