Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Эгемендикти көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз” 

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Эгемендикти көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз” 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы менен куттуктады. Ал өзүнүн куттуктоосунда бардык кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, ынтымак-ырашкерлик, тынчтык жана бактылуу жашоону каалады.

— Урматтуу мекендештер, кыргызстандыктар!
Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм! Элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик каалайм!
Кыргызстан да катаал сыноо жана оор катачылык, илгери үмүт жана терең көңүл калууларды баштан кечирди. Ошого карабай, эл аралык коомчулукта эгемендүү өлкө катары таанылып, адам укугу, эркиндиги сакталган мамлекет курууга аракет кылып жаткан өлкөбүз. Биз бардык нерсени тез үйрөнгөн, эч качан чөкпөгөн, эрки бекем жана эркин бойдон калган улуу калкпыз.
Биздин ыйык милдетибиз – мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, демократиялык коомду өнүктүрүү. Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.
Биздин күчтүү, эркиндикти сүйгөн элибиз татыктуу жана келечекте гүлдөгөн өлкөдө жашай турганына ишенем.
Көз карандысыздык күнүбүз кут болсун!

Эгемендиктин тарыхы

Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгонуна эртең 28 жыл болот. Өлкөбүз эгемендикке 1991-жылы жетишкен. 28 жыл ичинде 5 президенттүү болуппуз. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте 15 жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн бийликтен кетүүгө, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки президент Курманбек Бакиев да үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги үчүн аны эл тактан кулаткан. Ал дагы үй-бүлөсү менен башка өлкөгө качып кеткен. Андагы революцияда 87 бейкүнөө адам окко учуп, ал кандуу күн тарыхка кара тамга менен жазылып калды. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин бийликте Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаев 6 жыл отургандан кийин, тактыны 2017-жылдын 15-октябрында Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Бирок, Атамбаев алты көптөгөн катачылыктарды кетирип, командасы менен аеосуз байып, ага 14 айып (алтоосу оор берене) тагылып, темир тор артында калды.

Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.