Салянова, Атаханов Атамбаев менен беттештирилгенин адвокат туура эмес көрүүдө…

Салянова, Атаханов Атамбаев менен беттештирилгенин адвокат туура эмес көрүүдө…

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакта. Бул иш боюнча  мурдагы прокурор Аида Салянова менен мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов менен беттештирилгени бүгүн маалым болду. Мындай маалыматты Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев таратты. Анын айтымында, бул процедура мыйзам бузуу менен өткөн. “Салянова, Атаханов менен беттештирүү мыйзам бузуу менен өттү. Анткени, Алмаз Шаршенович бул иш боюнча эч кандай көрсөтмө бере элек”, — дейт С. Слесарев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.