Аскар Акаевдин куттуктоосун Эмилбек Каптагаев катуу сындады… (ВИДЕО)

Аскар Акаевдин куттуктоосун Эмилбек Каптагаев катуу сындады… (ВИДЕО)

Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргызстандын тун президенти Аскар Акаев эгемендик күнүнө карата кайрылуу таратканын “Азаттык” жазып чыкты. “Бүгүн элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик аба менен суудай зарыл. Карт тарыхка ээ Кыргызстан эгемендикке чейин, көз карандысыздыкты алгандан кийин да катаал сыноо, ийгилик, катачылыктарды башынан кечирди”, — дептир алгачкы президент.

Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Курун моюнга салып, кечирим сураса болмок”

Бул кайрылуусунан кийин, президенттик аппараттын мурунку башчысы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “Фейсбуктагы” баракчасына мындай деп жазды.

Ошол катаал сыноолордун башкы сабында «Кумтөр» алтын кенинин коррупциялык жол менен эл аралык шылуундарга сатылып кетиши, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу механизмдеринин калыптанышы жана коррупциянын кеңири жайылышы болгонун дагы айта кетсе дурус болмок, «ит болуптурмун, куш болуптурмун»,- деп, курун моюнга салып, кечирим сурап… Ушул эки маселенин кесепети эмдигиче өлкөбүздүн кендирин кесип, элибизди убайымга салып келе жатпайбы … Азыр бизге кайрылып, куттуктаганды эмне кылат дейм да!?.

Эгемен тарыхы. Үч президенттин тагдыры…

Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгонубуздун 28 жылдык майрамын майрамдады. Өлкөбүз СССРдин курамынан 1991-жылы чыгып, өз алдынча мамлекет болгон. Ошол эле жылдын 31-августунда өлкөбүз эгемендик күнү (туу, герб, гимн, валютабыз бар) деп жарыяланган. Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.

28 жыл ичинде 5 мамлекет башчылуу болуппуз. Алардын үчөө (Акаев, Бакиев, Атамбаев) туура эмес иш кылганы үчүн ар кандай тагдырга туш болду. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте 15 жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кетишкен. Кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев Жогорку Кеңешке депутат болгон, төңкөрүшкө ушул да себеп болгон. Азыр үй-бүлөсү менен Москвада.

Андан кийинки президент Курманбек Бакиев да Акаевдин жолуна түшүп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берди. Ага эл нааразы болуп жүрүп, акыры, 5 жылдан кийин тактан кулатты. Бирок, оңой-олтой болгон жок. Ал кан менен коштолду, ок атылды. Андагы революцияда 87 бейкүнөө адам окко учуп, ал кандуу күн болуп, Бакиевдин аты тарыхка кара тамга менен жазылып калды. Учурда үй-бүлөсү, бир туугандары менен Беларусияда.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Эл алдында сый-урмат менен калган, калктын арасында жалгыз (тегерегин курчаган кайтаруучу жок) кенен басып жүргөн жалгыз Роза Исаковна болду. Дайыма сыйлуу жерге экс-президент катары чакырылат. Мына, бүгүн да эгемендүүлүк майрамыбызга президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен катышты. Ал төмөндө:

Роза Исаковна бир жылдан кийин бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Алмазбек Атамбаев 6 жыл бийликте отуруп, ал таасирлүү кызматтарга жалаң аны колдоп, кошомат кылган адамдарын алып келди. Алты жыл алгылыктуу иш кылган жок, одоно сөз сүйлөп, мурунку бийликти жамандап, бетине ачуу чындыкты айткан адамдарын каматып келди. Өтө чоң катачылыктарды кетирип, командасы менен аеосуз байыды. Ал командасы менен өлкөнү бетине кармап, башка өлкөдөн карыздарды ала берип, экономиканы өлтүрдү. Ал командасы менен өз жашоосун гана оңдоду. “Кудай урсун, мен таза иштедим, акмын”,-деп көп карганчу эле, Кудай өзү жазасын берди. Учурда ичкен-жегендери үчүн жооп беришүүдө. С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов, Д.Зилалиев, И.Илмиянов, Ф.Ниязов камакта. Өзүнө да 14 айып (алтоосу оор берене) тагылып, абакта. Акаев, Бакиевдей болуп качып кеткен жок, Кыргызстанда жүрдү, бирок, элди бөлүп-жарып, аягында: “мени кармаганы келсе, анда атышам, менде курал (бир кезде Бакиев да ошентип айткан) бар”,-деп айткан. Айтканындай болду, колго түшүп бербей, бир күн УКМКга түйшүк жаратты, далай адамдын жүрөгүн канатты. Жыйынтыгында, колго түшүп берди, бирок, бейкүнөө дагы бир бала каза тапты. Бир топ балдар жаракат алды. Ушулардын негизинде камакка алынып, учурда суралып жаткан кези…

Алмазбек Атамбаев мыйзам чегинде, тактыны өткөрүүгө убактысы келип калгандыгы үчүн, анда дагы өзүнүн «ишенимдүү кишим, менин жолумду улантат» деп, президенттик шайлоого кийлигишип, башка талапкерлерди жамандап, өз кишисин мактап бийлик башына алып келди. Тагырагы, 2017-жылдын 15-октябрында Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди.

Ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жакшы иштерди кылып жатат. Эң биринчи философ Сократ: “Платон, ты мне друг, но истина дороже”,-деп айткандай, досунан да чындыкты жогору коюп, коррупционерлер менен күрөшүп жатат. Нак коррупционерлерди камоодо. Бирок, Матраимовдорго келгенде кепке калууда…. Анын бир бир тууганы Асылбек Жээнбеков жөнүндө сөз көп… Шамал болбосо чөптүн башы бекер кыймылдабаса керек. Бул дагы тарых. Азыр болбосо, ал бийликтен кеткенден кийин айтылат. «Кыңыр иш кырк жылда билинет»,- деп бекер айтылбаса керек! Ушуларды азыртадан эске алып, эртеңкисин ойлой жүрсө деген гана тилек.

Ишеналы АРАБАЕВ: “Кыргыз калкы Эркиндик үчүн башы баян, аягы саян болгон”

Эгемендүүлүккө азап-тозок менен жеткенибизди Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ишеналы Арабаевдин жазганын мисалга алып, жакшы жазыптыр. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.