Бабанов кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Ал Текебаев жөнүндө эмнени айтты?

Бабанов кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Ал Текебаев жөнүндө эмнени айтты?

“Республика” партиясынын  лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарды “Фейсбук” баракчасы аркылуу куттуктады.

Кылымдарга сактайлы!

Эки жүзгө жетпеген көз карандысыз өлкөлөрдүн арасында Кыргыз Республикабыз бар болгону сөз жеткис сыймык! Бүгүн биз 28 жашка толдук!

Эгемендик – бул күн сайын азаттык, өнүгүү жана ааламдагы татыктуу ордубузду табуу үчүн болгон чоң күрөш! Эгемендик – бул чоң символ жана эбегейсиз жоопкерчилик. Артка чегинбей, алдыга өсүп-өнүгүп, миңдеген жылдарга жалгыз мекенибиздин эгемендигин сактап калуу – ар бирибиздин чоң миссиябыз жана милдетибиз!

Эгемендик Күнүбүз кут болсун, кымбаттуу Кыргызстандыктарым!
Азаттык күнүбүз кут болсун!

Анашы жөнүндө айтканы…

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келгенден УКМК менен Финполго кайра-кайра суракка барууда. Кечээ кечинде да УКМК сурак берип чыкты, чыккандан кийин журналисттер бир топ суроо узатышты. Өмүрбек Текебевдин үй камагына чыгарылышы боюнча да суроо берилди. Ага ал: “Мен Өмүрбек Чиркешовичтин эч кандай күнөөсү жок деп ойлойм. Мунун артында саясат турган. Саясий заказ болгон. Бүгүн биздин өлкөдө ушундай сот чечимдери чыгып жатканына кубанычтамын. Акталарына үмүт кылам”, —деди.

Эгемен тарыхы. Үч президенттин тагдыры…

Бүгүн Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгонубуздун 28 жылдык майрамын майрамдап жатат. Өлкөбүз СССРдин курамынан 1991-жылы чыгып, өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол эле жылдын 31-августунда өлкөбүз эгемендик күнү (туу, герб, гимн, валютабыз бар) деп жарыяланган. Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.

28 жыл ичинде 5 мамлекет башчылуу болуппуз. Алардын үчөө (Акаев, Бакиев, Атамбаев) туура эмес иш кылганы үчүн ар кандай тагдырга туш болду. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте 15 жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн бийликтен кетүүгө, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Азыр үй-бүлөсү менен Москвада. Ал ар бир маегинде Кыргызстанга болгон кусалыгын айтып, өз өлкөсүнө келүүгө далалат кылып жүрөт. Андан кийинки президент Курманбек Бакиев да Акаевдин жолун жолдоп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берди. Ага эл нааразы болуп, аны тактан кулатты. Бирок, оңой-олтой болгон жок. Ал кан менен коштолду, ок атылды. Андагы революцияда 87 бейкүнөө адам окко учуп, ал кандуу күн болуп, Бакиевдин аты тарыхка кара тамга менен жазылып калды. Учурда үй-бүлөсү, бир туугандары менен Беларуссияда жашап жатат. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Эл алдында сый-урмат менен калган, калктын арасында жалгыз (тегерегин курчаган кайтаруучу жок) кенен басып жүргөн жалгыз Роза Исаковна болду. Учурда жакшы иштерди жасап жүрөт. Ал бир жылдан кийин бийликте Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаев 6 жыл отуруп, ал таасирлүү кызматтарга жалаң аны колдоп, кошомат кылган адамдарын алып келди. Алты жыл алгылыктуу иш кылган жок, одоно сөз сүйлөп, мурунку бийликти жамандап, бетине ачуу чындыкты айткан адамдарын каматып келди. Өтө чоң катачылыктарды кетирип, командасы менен аеосуз байыды. Ал командасы менен өлкөнү бетине кармап, башка өлкөдөн карыздарды ала берип, экономиканы өлтүрдү. Өз жашоолорун гана оңдошту, бирок, Кудай бар экен, учурда ал үчүн жооп беришүүдө.  С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов, Д.Зилалиев, И.Илмиянов, Ф.Ниязов камакта. Өзүнө да 14 айып (алтоосу оор берене) тагылып, абакта.

Алмазбек Атамбаев мыйзам чегинде, тактыны өткөрүүгө убактысы келип калгандыгы үчүн, анда дагы өзүнүн «ишенимдүү кишим, менин жолумду улантат» деп, президенттик шайлоого кийлигишип, башка талапкерлерди жамандап, өз кишисин мактап бийлик башына алып келди. Тагырагы, 2017-жылдын 15-октябрында Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Ал эми азыркы президент жакшы иштерди кылып жатат. Бирок, аны анын бир бир тууганы жууп салып жаткандай… Асылбек Жээнбеков жөнүндө кеп кетүүдө. Шамал болбосо чөптүн башы бекер кыймылдабаса керек. Бул дагы тарых. Азыр болбосо, ал бийликтен кеткенден кийин айтылат. «Кыңыр иш кырк жылда билинет»,- деп бекер айтылбаса керек!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.