Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү сүзүп өтүп баратканда жоголуп, изделүүдө… (ВИДЕО)

Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү сүзүп өтүп баратканда жоголуп, изделүүдө… (ВИДЕО)

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев бүгүн (31-августта) Ысык-Көлдү сүзүп өтүп баратып дайынсыз жоголгон. Э.Асрандиевдин жакын тууганы: «Саат 18:00дөр чамасында жоголду. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу. Эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышкан. Асрандиев буёкту байланып сүзүп бараткан», — деп тынчсызданып, “Спутникке” билдирген.

Өкмөт башчы да тынчсызданып, буйрук берди…

Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгуловдун билдирүүсүнө караганда, бул окуя премьер-министрдин жеке көзөмөлүндө. Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да тынчсызданып, ал Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовго жана башка тийиштүү ведомстволорго Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдү сүзүп өтүү маалында дайынсыз болгондугуна байланыштуу издөө иштерин активдүү жүргүзүүнү буйрук кылып, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырган.

Эркин Асрандиев буга чейин НТС телеканалына интервью берип, сууда жакшы сүзөрүн айтып берген. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.