Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: “Кыргыздын эркеги – кул, катындары – тул болуп келген”

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: “Кыргыздын эркеги – кул, катындары – тул болуп келген”

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды эгемен майрамы менен куттуктады. Ал төмөндө.

Кымбаттуу досторум!

1924-жылы кыргыздын тунгуч гезити “Эркин Тоо” деген ат менен жарык көргөн. Ошол гезиттин биринчи санына Ишеналы Арабаевдин “Эркин Тоо. Кыргыз эли!” деген макаласы жарыяланган.

Үзундү келтирели:

“Кыргыздар канча жүз жылдардан бери эл катарына кире албай, жалгыз сыйынганы Тоо болуп, жайыкка чыкса жан-жанындагы күчтүу улуттар канын суудай агызып, эркеги –кул, катындары—тул болуп келгендиги анык белгилүү.
Кыргыз калкы Эркиндик үчүн канча ирет кызыл уук болуп, канча ирет канын агызып, башы баян, аягы саян болгон.
Качантан бери жоголгон эркиндигиңди сагынып,”Күкүк менен Зейнеп” болуп какшап келген, эңсеп келген эркиндигиң колуңа тийди, Кыргыздар! Бек карма!
Бул Эркин Тоо үчүн жашың төгүлгөн, башың сатылган, теңдигиң ажыраган, сөөгүң көмүлбөй, ар кай жерге чачылган, эр-азаматтарың кул болгон, кыз-келиндериң күң болгон!
Бек карма, Кыргыз, бек карма!” деген экен.

Андыктан, бүгүн—эчендеген азап-тозокто эркиндик деп жанын берген ата-бабаларыбыздын эңсеп жүрүп, жетем деп жетпей жүрүп жеткен эң эле кымбат ой-тилектеринин акыры ишке ашкан Күнү! Ыйык Күн! Кыргыздар үчүн мындан өткөн чоң майрам жок. Эркиндигибиздин баркына жетели, туугандар!

Бардыгыңыздарды көз карандысыздык Күнүңүздөр менен куттуктайм!

Өмүрбек Текебаев да туура айткан

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ кыргызстандыктарды эгемен майрамы менен куттуктап, “Биздин ыйык милдетибиз – мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, демократиялык коомду өнүктүрүү. Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз”,- деген. Куттуктоосун толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Эгемен тарыхы. Үч президенттин тагдыры…

Бүгүн Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгонубуздун 28 жылдык майрамын майрамдап жатат. Өлкөбүз СССРдин курамынан 1991-жылы чыгып, өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол эле жылдын 31-августунда өлкөбүз эгемендик күнү (туу, герб, гимн, валютабыз бар) деп жарыяланган. Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.

28 жыл ичинде 5 мамлекет башчылуу болуппуз. Алардын үчөө (Акаев, Бакиев, Атамбаев) туура эмес иш кылганы үчүн ар кандай тагдырга туш болду. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте 15 жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн бийликтен кетүүгө, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Азыр үй-бүлөсү менен Москвада. Ал ар бир маегинде Кыргызстанга болгон кусалыгын айтып, өз өлкөсүнө келүүгө далалат кылып жүрөт. Андан кийинки президент Курманбек Бакиев да үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги үчүн эл нааразы болуп, аны тактан кулаткан. Ал дагы үй-бүлөсү менен башка өлкөгө (учурда үй-бүлөсү, бир туугандары менен Белоруссияда) качып кеткен. Андагы революцияда 87 бейкүнөө адам окко учуп, ал кандуу күн тарыхка кара тамга менен жазылып калды. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Эл алдында сый-урмат менен калган, калктын арасында жалгыз (тегерегин курчаган кайтаруучу жок) кенен басып жүргөн жалгыз Роза Исаковна болду. Учурда жакшы иштерди жасап жүрөт. Ал бир жылдан кийин бийликте Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаев 6 жыл отургандан кийин, тактыны 2017-жылдын 15-октябрында Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Бирок, Атамбаев алты жыл одоно катачылыктарды кетирип, командасы менен аеосуз байыган. Учурда командасындагы таасирлүү кызматта иштегендердин көбү (С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов, Д.Зилалиев, И.Илмиянов, Ф.Ниязов) камакта. Өзүнө да 14 айып (алтоосу оор берене) тагылып, абакта.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.