Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Түндүк менен түштүгүбүз — куштун эки канатындай. Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Түндүк менен түштүгүбүз — куштун эки канатындай. Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз”

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айткан сөзүн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргызстандыктарды 31-август эгемендик күнү менен куттуктап жатып мисал келтирди.

«Биз дүйнө атаандаштыгына туруштук берип бир эл, бир журт болуп, урпактарга өнүккөн өлкөнү калтырууга милдеттүүбүз. Ал үчүн «түндүк-түштүк» деген түшүнүктү көңүлдөн гана эмес, көкүрөктөн, жүрөктөн жууп таштап, келечекти көздөй сапар алуубуз зарыл. Залкар замандашыбыз Чыңгыз Айтматов айткандай, түндүк менен түштүгүбүз — куштун эки канатындай. Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз».

Ошондой эле өлкө башчысы коррупция маселесине да токтолду. «Чейрек кылым ичинде бийлик бутактарындагы коррупция — улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды. Бийлик элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Мындан ары таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл», — деди президент.

Эгемен тарыхы. Үч президенттин тагдыры…

Бүгүн Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгонубуздун 28 жылдык майрамын майрамдап жатат. Өлкөбүз СССРдин курамынан 1991-жылы чыгып, өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол эле жылдын 31-августунда өлкөбүз эгемендик күнү (туу, герб, гимн, валютабыз бар) деп жарыяланган. Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.

28 жыл ичинде 5 мамлекет башчылуу болуппуз. Алардын үчөө (Акаев, Бакиев, Атамбаев) туура эмес иш кылганы үчүн ар кандай тагдырга туш болду. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте 15 жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн бийликтен кетүүгө, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Азыр үй-бүлөсү менен Москвада. Ал ар бир маегинде Кыргызстанга болгон кусалыгын айтып, өз өлкөсүнө келүүгө далалат кылып жүрөт. Андан кийинки президент Курманбек Бакиев да Акаевдин жолун жолдоп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берди. Ага эл нааразы болуп, аны тактан кулатты. Бирок, оңой-олтой болгон жок. Ал кан менен коштолду, ок атылды. Андагы революцияда 87 бейкүнөө адам окко учуп, ал кандуу күн болуп, Бакиевдин аты тарыхка кара тамга менен жазылып калды. Учурда үй-бүлөсү, бир туугандары менен Беларуссияда жашап жатат. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Эл алдында сый-урмат менен калган, калктын арасында жалгыз (тегерегин курчаган кайтаруучу жок) кенен басып жүргөн жалгыз Роза Исаковна болду. Учурда жакшы иштерди жасап жүрөт. Ал бир жылдан кийин бийликте Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаев 6 жыл отуруп, ал таасирлүү кызматтарга жалаң аны колдоп, кошомат кылган адамдарын алып келди. Алты жыл алгылыктуу иш кылган жок, одоно сөз сүйлөп, мурунку бийликти жамандап, бетине ачуу чындыкты айткан адамдарын каматып келди. Өтө чоң катачылыктарды кетирип, командасы менен аеосуз байыды. Ал командасы менен өлкөнү бетине кармап, башка өлкөдөн карыздарды ала берип, экономиканы өлтүрдү. Өз жашоолорун гана оңдошту, бирок, Кудай бар экен, учурда ал үчүн жооп беришүүдө.  С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов, Д.Зилалиев, И.Илмиянов, Ф.Ниязов камакта. Өзүнө да 14 айып (алтоосу оор берене) тагылып, абакта. Акаев, Бакиевдей болуп качып кеткен жок, Кыргызстанда жүрдү, бирок, элди бөлүп-жарып, аягында: “мени кармаганы келсе, анда атышам, менде курал (бир кезде Бакиев да ошентип айткан) бар”,-деп чыкты. Айтканындай болду, колго түшүп бербей, бир күн УКМКга түйшүк жаратты, далай адамдын жүрөгүн канатты. Жыйынтыгында, колго түшүп берди, бирок, бейкүнөө дагы бир бала каза тапты. Бир топ балдар жаракат алды. Ушулардын негизинде камакка алынып, учурда суралып жаткан кези…

Алмазбек Атамбаев мыйзам чегинде, тактыны өткөрүүгө убактысы келип калгандыгы үчүн, анда дагы өзүнүн «ишенимдүү кишим, менин жолумду улантат» деп, президенттик шайлоого кийлигишип, башка талапкерлерди жамандап, өз кишисин мактап бийлик башына алып келди. Тагырагы, 2017-жылдын 15-октябрында Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Ал эми азыркы президент жакшы иштерди кылып жатат. Бирок, аны анын бир бир тууганы жууп салып жаткандай… Асылбек Жээнбеков жөнүндө кеп кетүүдө. Шамал болбосо чөптүн башы бекер кыймылдабаса керек. Бул дагы тарых. Азыр болбосо, ал бийликтен кеткенден кийин айтылат. «Кыңыр иш кырк жылда билинет»,- деп бекер айтылбаса керек!

Ишеналы АРАБАЕВ: “Кыргыз калкы Эркиндик үчүн башы баян, аягы саян болгон”

Эгемендүүлүккө азап-тозок менен жеткенибизди Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ишеналы Арабаевдин жазганын мисалга алып, жакшы жазыптыр. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.