Эл аралык издөөдө жүргөн Тойгонбаев кайын атасын мактап, кызы менен ажырашпаганын айтыптыр…

Эл аралык издөөдө жүргөн Тойгонбаев кайын атасын мактап, кызы менен ажырашпаганын айтыптыр…

Мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин, анын күйөө баласы Адил Тойгонбаевге бир нече айып тагылып, 20 жылга сыртынан кесилип, ал эл аралык издөөгө алынган. Ал эки жолу (Москвада, Дубайда) кармалып, кайра кое берилген. Ошонун себебин, Кыргызстан койгон айыптын баарын четке кагып, бир топ суроого жооп берген маеги holanews.kz сайтына жарыяланды. Аны менен журналист Айтурган Азимжанова орусча маек курган. Анда ал жубайы Бермет Акаева менен ажырашпаганын, дагы эле экс-президентке күйөө бала экенин, дегеле алардын күнөөсү жоктугун, кайын атасын “алгачкы жана акыркы президент” деп мактап, кийинки президенттерди сындаптыр. Кыскасы, калганын төмөнкү маектен окуңуз. Орусчадан кыргызчага биздин Alakan.biz сайты которуп берди.

Сөзүбүздү Кыргызстанда болгон акыркы окуялардан баштасак. Ал жакта эмне болгонун билесизби? ММКлардын түз көрсөтүүлөрүнө назар салдыңызбы?

—  Бул өлкө мага өтө жакын. Кыргызстанды жакшы көрөм. Уулубуз да жарым кыргыз. Ал жактагы кырдаалга абай салып турам.

Азыркы президенттин мурдагы президентти куугунтуктап жатат. Муну мыйзам ченемдүү кадимки көрүнүш катары караса болобу?

— Бул жакшы эмес тенденция. Аскар Акаевичтин (1990-2005-жылдардагы президент), Масалиевдин (1985-1991-жылдардагы Кыргыз ССРнин КП БКсынын биринчи секретары) жана Усубалиевдин (1961-1985-жылдардагы Кыргыз ССРнин КП БКсынын секретары) учурун унутпайлы. Усубалиев өлкөнү 25 жыл башкарган, кийин бул аксакал кишилер парламенттин депуттары болушкан, резиденциялары Аскар Акаевичтин жанында болгон. Мындай тенденцияны өлкөнүн кийинки президенттери баштады.

— Кыргызстандын келечегине, азыркы жана кийинки президенттери кандай тагдырга туш келерине божомол жасай аласызбы?

— Жээнбеков өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн бир да модель сунуштай элек, азырынча өнүгүү жолун айта элек. Мага ушундай көрүнүп турат. Кыргызстандагы өнүгүү жолун көрбөй турам. Чындыгында, Аскар Акаевич салып кеткен багыттар, мисалы, жеңил өнөр жайы бар – кыргыздар кийим тигип, экспортко чыгарууда, айыл чарбасын да айтсам болот, сүт, жер-жемиш Казакстанга, Орусияга жөнөтүлүүдө – мунун баары Акаев жасап кеткен реформалардан калган.

Реформаларды Аскар Акаев баштап берип, ал эми Жээнбеков эч нерсе кылган жок дегени турасызбы?

— Жок, анткеним жок, азыр айтыш эрте. А кишинин келгенине эки жыл да боло элек. Ар бири өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууга тийиш. Ал бийликке биринчи жолу келип жаткан киши эмес, премьер-министр болгон, депутат болгон, Аскар Акаевичтин тушунда бир туугандары  бийликте иштеген. Бир агасы эки облуска губернатор болгон, анан бир укмуш нерселерди жасап жиберет, экономиканын өсүшүнө өбөлгө болушат деп айта албайм.

— Алмазбек Атамбаев жөнүндө оюңуз кандай?

— Атамбаев – саясатчы. Ал чеберчилик менен атайын араздашууга барып, өз “олжосун” алды. Анын акылы ордунда эместей. Өз аракеттери менен тарапташтарына кедергисин тийгизип алды. Эми саясый иштер менен эмес, кылмыш иштеринен башы чыкпайт. Коюлган дооматтар оор. Бир спецназ каза болуп, бири оор жаракат алып олтурат. Бардыгы үчүн жооп берүүгө туура келет.

— Сизди “бүтүндөй кыргыз элинин күйөө баласы” деп атагандарын билесизби?

— Уккам, уккам.

— Минтип Сизди ким атап жүрөт?

— Билбейт экем. Негизинен мен эч качан колума кыргыз паспортун алган эмесмин, бирок, көп эле жолу сунуш кылышкан. Аскар Акаевич АКШга бармай болуп, мени күйөө баласы катары делегацияга кошуп коюшуптур. Анан техникалык себептерден улам, мага виза ала албай жатышкан экен. Ошондо администрация кыргыздын дипломатиялык паспортун алышымды сунуш кылышты. Мен болсо Кыргызстанга тиешем жоктугун, Казакстандын жараны экенимди айтып, кыргыз паспортунан баш тартып койгом.

— Бирок АКШга барып келдиңиз да?

— Ооба, казак паспортум менен эле виза алганга үлгүрдүм.

“Бүткүл кыргыз элинин күйөө баласы” деген аталышка көз карашыңыз кандай?

— Эми бул түшүндүрүүгө мүмкүн эмес нерселер да. Негизи кыргыздар жөө жомокторго, айың кептерге, көбүртүп-жабыртканга чукул келишет, улуттук үрп-адаты ошондой. Муну “Манас” эпосу да тастыктап турбайбы. Эң көлөмдүү, улуу эпос. Ошондон улам, мен жөнүндө ар кандай сөздөрдү чыгарып алышыптыр. Бирок азыр кыргыздардын мага болгон кызыл кандуулугун, агрессиясын деле байкабадым.

— Кээ бир ММКлар сизди “Акаевдин мурдагы күйөө баласы” десе, башкалары муну четке кагууда. Сиз мурдагы күйөө баласызбы же азыр деле күйөө бала бойдонсузбу?

— Бермет экөөбүз ажырашкан эмеспиз.

— Анда мындай айың кептер кайдан тарады?

— Билбейм. Түшүндүрүү кыйын го.

Бермет менен кантип таанышып калдыңыз эле?

— Женевага болгон сапарымда таанышкам. Ал жакта бизнесим бар болчу, бизнес-жолугушууга баргам, ошол жерден таанышып калдык.

— Аскар Акаевич менен таанышкан күнүңүз эсиңиздеби?

— Бермет экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк, мамилебиз күчөй берди, ошондо Бермет: “Сени менен ата-энем таанышкысы келип жатат”,- деп калды. Бишкекке келип тааныштым.

Сиз өмүр бою Казакстанда жашап келем деп жатасыз. Анан жубайыңыз менен алыстан мамиле түзүү оор эмеспи? Мен билгенден, ал Бишкекте жашап, парламентке талапкерлигин койгондо, сиз Алматыда жашаган экенсиз?

— Биз азыр эки башка жашап жатабыз. Бермет Женевада, мен Алматыда жашайм.

Кандайча эки башка жашап калдыңар?

— Тилекке каршы, жагдай ушундай болду. Бул албетте саясый турмуштун таасири. Биздин уулубуз Швейцарияда төрөлгөн, азыр Цюрихтин политехинде окуйт. Бермет БУУнун Женевадагы структурасында иштеген. Биз үйлөнгөн мезгилде да ошол кызматта эле. Бермет ал өлкөгө көнүп алган. Анын үстүнө уулубуз Швейцарияда төрөлүп, ошол жакта мектепке барып, эми жогорку окуу жайында окуп жатат.

— Уулуңуз тарыхый мекенинде жашагысы келеби?

— Ал Казакстандын жараны, келип-кетип турат. Мына жакында эле Алматыдан учуп кетти.

— Кыргызстанда бизнес жасоого каражаттарды кайдан алдыңыз эле?

— Мен 90-жылдардан бери бизнес менен алекмин. Орусияда, Казакстанда, Кыргызстанда бизнес кылдым.

— 2005-жылдан бери эмне менен алек болдуңуз?

— Мен 1989-жылдан бери бизнес кылып келдим. Москвада дагы бизнес менен алек болдум. Анда алгачкы соода-сатык башталган убак. Алгачкы компьютерлер чыга баштаган. “Бауманка” (Н.Э.Бауман атындагы Москванын мамлекеттик техникалык университети) ал кезде программа түзүүдөгү алдыңкы отряд болгон. Биз биринчилерден болуп Basic сыяктуу программа түзүү тилин үйрөндүк, аны азыркы жаштар түшүнбөйт болуш керек. Ал кезде компьютерлер бир бөлмөнү ээлеп калчу, бирок, биз ошону менен алек болуп, ушул багыт менен кеттик. Анан көп өтпөй жаңы компьютерлер чыга баштады, биз аларды сата баштадык. Бул жакшы багыт болгон. 2005-жылдан кийин бизнес менен, консалтинг менен, башкача айтканда, коомдук ишмердүүлүк менен алек бодум. 2004-жылы “Көйрөңдүктүн жарманкеси” деген макала жазгам, анда ал өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө болгон атайын программа эле. Азыркы убакка чейин коомдук иштер менен алек болуп келем.

— Комдук ишмердүүлүк дегенди түшүндүрүп бере аласызбы?

— Мен ар кандай тармактар боюнча программа камтыган статьяларды жазам. Негизинен өлкөнүн өнүгүү стратегиясы, тил маселеси, мамлекеттүүлүк менен эгемендүүлүктүн орношу жөнүндө. Негизги ишим ушул. Көп макалалар Улуттук стратегиянын эксперттик борборунун атынан чыкты. Жеке өзүм көп китептерди жаздым, өлкөбүзгө пайда алып келген китептерди чыгарып, көптөгөн жолугушууларды өткөрдүм.

— 2017-жылы Кыргызстанда сиз боюнча соттун өкүмү чыккан, эми ал сиздин шайлоого катышууңузга тоскоол болбойбу?

— Түшүнсөңөр, өкүм Кыргызстанда чыкты. Менсиз эле. Бул саясый кадам болду. Бул Бакиев, Атамбаев учурунда башталган. Абалды көрүп турасыңар. Эми өздөрүнө өкүм чыгат, Бакиевге чыккан. Казакстан үчүн мен мыйзамды сыйлаган жаранмын. Кыргызстан бул жакка бир дагы документти жөнөтпөдү. Ошол эле өкүмдү окуганым жок. Алар бардык документтерди бул жакка жөнөтүшү керек эле.

— 2005-жылы сизге издөө салынган. Ал сиздин турмушуңузга кандай таасир берди?

— Туура, кээ бир өлкөлөрдө бир аз кыйынчылыктар болбой койгон жок. Мени Орусиядан, Дубайдан кармашты. Териштирип көрүштү. Бирок Кыргызстан бир дагы тиешелүү документтерди жөнөтпөгөндүктөн, мени кое берип жатышты.

— Сизге шылуундук боюнча, ичип-жегендик, салык төлөбөгөндүк боюнча сыртыңыздан 20 жылга соттошту. Ал айыптарга макулсузбу?

— Албетте, макул эмесмин, мен эч кандай кылмыш кылган эмесмин.

— Ири ишканаларды жетектеген экенсиз го?

— Мен Казакстандын жараны катары Кыргызстада жеке тарап же юридикалык тарап катары да өкүл болгон эмесмин. Мен ал жакка каттоого да турган эмесмин, чет өлкөлүк катары гана барып кетчүмүн.

— Анда эмнеге сизге жана кайниңиз Айдар Акаевге карата кылмыш ишин козгошкон?

— Балдарын бутага алуу ата-эне үчүн кандай гана оор. Көрүп жатпайсыңарбы, салт уланып келет. Азыр Атамбаевдин балдарын суракка алып жатышат. “Азаттыктан” Атамбаевдин жубайы куугунтук болуп жатканын айтып чыкты. Көрүп койгула, кызык нерселерди угасыңар.

— Учурунда “Моя столица” гезити кайненеңиз Майрам Акаева менен сиздин мамлекеттик сатып алуулар боюнча финансылык схемаларга катыштыгыңар бар экенин жазып чыккан. Кеп Кыргызстан үчүн Казакстандан көмүр сатып алууга байланыштуу эле. “Филипс интернешнл” компаниясы аркылуу көмүр менен камсыз кылчу экенсиңер. Ал материал жарыкка чыкканда, бийлик гезиттин жарым нускасын тартып алып, жарымын сатып алышкан экен. Эмне болду эле?

— Мындай компания жөнүндө укпаптырмын. Мен эч качан ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу иши менен өмүрүмдө бир да жолу алектенип көргөн эмесмин.

— Анда айыптарды ойлоп табышканбы?

— Жөн эле ойлоп табышпаса, анда, жок дегенде, бир документти жөнөтүшөт эле. Канча жыл болду, 15 жыл өттү, бир да документ жөнөтүшкөн жок.

— Ошондой эле “Вечерний Бишкек” гезитин мыйзам бузуу менен сатып алганыңыз жөнүндө да айтылган.

— 2005-жылдан кийин деле “Вечерний Бишкек” боюнча сот отурумдары уланып келди го. Өздөрүнчө соттошуп алып, анан мени кошкондорун кантейин. Менин эч кандай тиешем жок, болгону Кыргызстандагы журналистика багытына кызыккан досторум болгон. Мен болгону аларга кеп-кеңешимди гана айтканым болбосо, эч тиешем болгон эмес.

— Эми гезит акциясынын негизги бөлүгүн алганыңыз чын да. Ал мыйзамдуу болду беле?

— Менде эч кандай акция болгон эмес. Мен жеке тарап катары да, юридикалык тарап катары да катышкан эмесмин.

— ММКлар айткандай бул маалымат чындыкка дал келбейт экен го?

— Мени эмне кыл дейсиңер? ММКлар профессионалсыз деңгээлде чукуп жатышат.

— Анда Кыргызстанда эмне кылчу элеңиз?

— Консалтинг кылчумун, өлкөнү кыдырып, саякат жасачумун. Саякатты абдан жакшы көрөм. Өзгөчө тоого чыкканды жактырам. Үй-бүлөмдү бакканга каражатым жетиштүү. Кыргызстан – алакандай өлкө. Бир жерине барып калсаң эле менчиктештирип алыптыр, басып алыптыр деп чыгара беришет экен.

— Анда сизге узун тизмек көрсөтөйүн: “Бишкек ликер-арак заводу”, “Кант цемент-шифер заводу”, Бишкек шампан-шарап комбинаты”, “Кант заводу”, “Вечерний Бишкек” гезити, КООРТ телеканалы, “Манас” аэропортун жанар май менен камсыз кылган “Аалам сервис” компаниясы, булардын бардыгына канчалык тиешеңиз бар?

— Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бирөөсүнө да тиешем жок. Дагы кайталайм, жеке тарап катары да, юридикалык тарап катары да бул структураларда өкүл болгон эмесмин.

— Бул маалыматтардын баары 2005-жылдан кийин эле чыга калган жок. Ыңкылапка чейин эле, сиз бар да эле жарык көрүп келген, сотко берип, жокко чыгарсаңыз болот эле да?

— Мен маалыматтарды кесипкөйлүк менен пайдаланам. Кайсыл бир топтор үчүн менин каралоо, элге жаманатты кылуу аябай маанилүү болгон. Аскар Акаевич өзү демократ, тынчтык жолду жакшы көргөн киши, ошондуктан балдарына асылышты. Айдар жөнүндө, мен жөнүндө, жубайы Майрам Дүйшөновна жөнүндө жалган жалаа жаап жатышты. Биз бизнестин баарын тартып алган экенбиз. “Мээрим” фонду мамлекеттик казынаны тонойт экен, ии, деги койчу, эмнелер гана айтылган жок. Түшүнсөңөр, өлкө өтө кичинекей, беш миллион гана калкы бар… Мага Казакстанда кылган ишим эле жетиштүү, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө бизнес бар. Негизинен Кыргызстан бизнес долбоорлордо чоң кызыкчылык деле туудурбайт.

— Сиз өз материалдарыңызда казактарды көп атап, казакстандыктар деген түшүнүктү колдонбойсуз. Улутчулсузбу?

— Ооба.

— 2005-жылдын 24-мартында “Жоогазын ыңкылабы” болду, ошол учурда кайда элеңиз?

— Мен Ала-Тоо аянтында элдин арасында болчумун. Окуянын кандай өнүккөнүн өз көзүм менен көрдүм. Мен үчүн аябай кызык көрүндү. Ошондуктан аянтта жүрдүм.

— Кызыгып элеби?

— Бир эле кызыгуу эмес, болуп жаткан окуяны Аскар Акаевге чалып, айтып турдум.

— Чыгып кетүү чечимин качан кабыл алдыңыз?

-Мага Аскар Акаевич СМС жиберди, алигүнчө сактап келем, “өлкөдөн чыгып кет” деген.

— 24-март – тополоңдун туу чокусу эле. Бирок ага чейин өлкөнүн түштүгүндө кырдаал курчуп турган. Эмнени сезип жаттыңыз?

— Мен түштүктөгү тополоңдон кийин Бишкекке келдим. Абал курчуй бериши мүмкүн экенин айтып эле жаттык.

— 24-мартта аябай тынчсыздандыңызбы?

— Албетте. Кыргызстан үчүн азыр да тынчсызданып келем.

— Экинчи ыңкылап болуп кетерин күттүңүз беле?

— Сезип турдук. Бакиев бийликти узурпация кылып алды да, кишилерди өлтүрө баштады.

— Аскар Акаевди Аксынын Боспиегиндеги кандуу окуя боюнча күнөөлөп келишет. Сиздин оюңуз?

— Аксы окуясы – өтө талаштуу маселе. Атайын жасалган провакация сыяктуу. Ал жерге ким барганын ким билсин. Алигүнчө комиссиянын чечими өз жыйынтыгын бербеди.

— 24-мартта болгон окуяларды жубайыңыз, кайнатаңыз кандай кабыл алды?

— Аскар Акаев түшүнүү менен кабыл алды. Эң башкысы, ал үчүн өлкө өз динамикасынан тайыбашы керек эле. Тандалган жол уланышын гана каалачу. Ал жолду туура деп эсептейт. Ошондуктан Москвадан бардык документтерге колун коюп берди, тоскоолдук жаратпады.

— Айдар менен Бермет парламентке барса, тополоң чыгып кетет деп ойлогон жоксуңарбы?

— Чындыгында, мен Берметтин депутат болушун каалаган эмесмин. Өзүнө деле айткам, бирок болбой, шайлоого катышты. 2005-жылы Кеминден чыкпадыбы. Эсиңерде бекен, 2005-жылы Бермет өжөрлөнүп мекенине кайтып барган, ошондо мен: “Эгерде кырдаалды өзгөртө албасаң, анда ал процесске аралашпа”,- деп айткам. Канчалык күчтүү болбо, билимдүү болбо, кырдаалды өзгөртө албаган учурлар болот. Азыр да кыргыздар өз деңгээлине дал келип турушат. Мисалы, Жээнбековду тандап алышты, алардын президенти. Учурунда Бакиев да алардын президенти болгон, өздөрү шайлап алышкан.

— Өз макалаларыңыздын биринде: “Аскар Акаевдин президенттик жылдары – Кыргызстан үчүн алтын жылдар”,- деп жазганыңыз бар. Эмнеге антип жаздыңыз эле?

— Бардыгын мезгил таразалайт. Мен Аскар Акаевичти – Кыргызстандын алгачкы жана акыркы президенти катары санайм.

— А Отунбаева, Атамбаев, Бакиевчи?

— Отунбаева өткөөл мезгилдин гана президенти болду, аны ким шайлаганы белгисиз, анын үстүнө бир жарым жылды президенттик деп атоого болбойт го. Бакиев менен Атамбаевге – тарых гана өз баасын берет. Мен күнөөлөнгөндөн, баа бергенден, өкүм чыгаргандан алысмын. Бардыгын мезгил таразалап, кыргыз эли өзү териштирип алат деп ишенем.

— Алтын жылдар болгон деп жатасыз? Эмнеге антип ойлойсуз?

— Биринчиден, алгачкы президенттик Казакстанда дагы, Кыргызстанда дагы – үмүттөрдүн мезгили болгон. Мамлекеттер жаңыдан түптөлүп, эйфорияга алдырып, жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткан заман эле. Иш чачтан көп болгон: бийликтин институттарын түзүү, башкалааны которуу, билим берүү системасын, идеологияны калыптандыруу. Бул абдан үлкөн жумуш.

— Бирок ошол эле учурда Казакстанга салыштырмалуу экономика төмөн деңгээлде болуп, жумушсуздук күчөп, эл жумуш издеп, өлкөдөн чыга баштады да. Анан кантип алтын жылдар болот?

— Бүтүндөй постсоветтик мейкиндикте ошондой абал болчу. Кыргызстан биринчилерден болуп саясый жана экономикалык реформалардын аймагына кирди. Баса белгилеп коеюн, Кыргызстан – саясый реформалар боюнча лидер болуп келет, ал жакта реалдуу саясый партиялар түптөлгөн. Жасалма партиялар эмес, реалдуу партиялар. Саясый турмуш өз деңгээлинде. Бирок кыргыз элитасынын адамдык бедели өзүңөр көрүп тургандай.

— Кыргызстан эркин өлкөбү? Буга макулсузбу?

— Борбордук Азияда – демократиянын аралчасы. Бул турмуштук талап болгон. Кыргызстан мамлекет катары түптөлүшү үчүн ушул нерсе зарыл эле, кантсе да жаратылыш ресурстары аз, бир гана адамды потенциалын өнүктүрүү керек эле. Ал эми адам потенциалы эркин аймакта гана өнүгөт, ошондой кырдаал түзүлгөндө гана эл да өлкөдөн кетпей калат.

— Элдин кеткенине экономиканын төмөн деңгээли себеп болбойбу?

— Улуттук валюта – сомдун абалын карайлы. Абдан туруктуу. Макродеңгээлде Кыргызстанда туруктуу валютасы бар. КМШ өлкөлөрүндөгү эң туруктуусу десем да жаңылбайм. Бирок…

— Аскар Акаевдин тушунда өлкөдө сөз эркиндиги бар беле?

— Ооба, бар болчу. Эркиндиктин синоними – жоопкерчилик. Эгерде бирөөнүн абийирине шек келтирген, же жалган жалаа жапкан макала жарыяланса, бүткүл дүйнөдө доо арыз жазылат. Ал учурда ушундай система калыптана баштаган.

— Анда учурунда сиз жөнүндө ушак жазган журналисттерди эмнеге сотко берген жок элеңиз?

— Анын зарыл деп эсептебейм. Макул сотко берип, утуп чыктым дейли, гезитти жабышты, миллиондук доо канааттандырылды. Мындан эмне жакшылык күтсө болот?

— Жалгандыгын далилдейсиз да.

— Эмнеге? Ал маселеге бардыгы кызыга баштайт. Элдин оозуна алынасың, сөздөн-сөз чыгат, андан жаман ушактар тарайт.

— Деги Кыргызстанда адилеттүү сот барбы?

— Азыркы тапта – жок. Атамбаевге карата сот чечимдерин көрүп жатпайсыңарбы. Ал өзү жасаган иштердин туткунунда калды. Ал сот системасын калыпка салган эмес. Аскар Акаевич да оңдогон эмес. Ал жетишпей калды. Сот системасы тез эле калыпка салынбайт. Көп иштерди кылууга туура келет. Ал үчүн көп жыл керек… Бардыгы адам факторуна барып такалат.

— Сизди сыртыңыздан соттошту. Апелляция кыласызбы?

— Кылганбыз. Менин адвокатым – Курсан Асановдун азыркы адвокаты – Икрамидин Айткулов. Ал жакшы эле аракет кылып көрдү. Бирок сотторго үстүнөн басым болуп турат экен.

— Сизге коюлган айыптар алынды деп коелу. Анда кандай Кыргызстанга баргыңыз келет?

— Мен Ысык-Көлдү абдан жакшы көрөм, абдан сагындым. Барып, 15 жылдын аралыгында кандай өзгөрүүлөр болгонун көрөт элем. Ал жакта досторум абдан көп. Эң негизгиси, дос бойдон калдык.

Которгон Назира ЖАКШЫЛЫКОВА, Alakan.biz

P.S. Адил Тойгонбаев жогорудагы маекте өзүнө коюлган айыптын баарын четке кагып жатпайбы. Анын Кыргызстанга кыянаттык кылган иштери үчүн чыккан өкүмдөрдү эскерте кетели.

Адил Тойгонбаевге коюлган айыптар, чыккан чечимдер

Курманбек Бакиев бийлигинде…

2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптан кийин, изин жашырып, Кыргызстандан качып кеткен Адил Тойгонбаевге «алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган», «Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген”, “Кыргызстанга 15 млн 492 миң доллар зыян келтирген” деген айыптар тагылган. Ошонун негизинде ага эл аралык издөө жарыяланган.

Алмазбек Атамбаев бийлигинде…

Биринчи жолу, 2013-жылы Алматыдан, 2014-жылы Москванын аэропортунан кармалган. Бирок,  Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес. Ага себеп – анын Казакстандын жарандыгы болгон. Эл аралык нормаларга туура келбейт экен, ошондуктан чет элдик күч органдары Бишкекке экстрадициялоодон баш тартышкан. 2016-жылы Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол издеп, аны Дубайдан кармашкан. Бирок, бир аз гана убакытка кармап, кийин күрөөгө бошотулган.

Аны Кыргызстанга алып келе албагандыктанбы, айтор, 2017-жылы 18-июлда Биринчи май райондук соту Адил Тойгонбаевди сыртынан 20 жылга (күчөтүлгөн режимде) түрмөгө кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айыптап, үй-мүлкүн конфискациялап, “200 эсептик көрсөткүчтө айып төлөнсүн, эл аралык “Манас” аэропортуна 677 млн 291 миң сомдон ашуун сумма төлөп берсин!” деген чечимин чыгарган.

Башкы прокуратуранын буга чейин билдиргени боюнча, “Аалам сервис” ишканасы алты жыл бою «Манас» аба бекетиндеги америкалык «Ганси» базасында учактарга май куйуу боюнча монополист болуп келген. Бул ишкананы Адил Тойгонбаев көзөмөлдөгөн.

Тергөөдө Адил Тойгонбаев кирешени жашырыш үчүн офшордук жалган компаниялар аркылуу “Аалам сервиске” май ташып турганы айтылган.

Сооронбай Жээнбеков бийлигинде…

2019-жылдын 19-августунда Бермет Акаева Бишкекке келген. 23-августта Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаев өлкөгө келсе, үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштери боюнча суракка алынарын эскертип, аларга коюлган айыптар боюнча маалымат тараткан.

Башпрокуратуранын маалыматында, “Мээрим” фондуна 30 кылмыш иши козголуп, Кыргызстанга 64 миллион сом чыгым келтирген. Айдар Акаевге 4 кылмыш иши козголуп, “мамлекетке үч миллион долларга жакын зыян келтирген” деп шек саналганы айтылат. Мындан тышкары, ага “11 ишке кыйыр түрдө тиешеси бар” деп, издөө салынган. Адил Тойгонбаев бир нече берене менен айыпталып, 20 жылга сыртынан кесилген.

И баса…

Адил Тойгонбаев маегинде Бермет Акаева менен ажырашпаганын айтып жатпайбы. Ал кайра турмуш курганын, жолдошу менен түшкөн сүрөтүн чет элдик журналисттер жазып чыккан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.