Бүгүн Зеленский менен Трамп Варшавадагы эскерүүдө жолугат. Ага Путин чакырылган жок

Бүгүн Зеленский менен Трамп Варшавадагы эскерүүдө жолугат. Ага Путин чакырылган жок

Бүгүн, 1-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Варшавада жолугат. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 27-августта айткан. Анын айтымында, эки мамлекет башчы Польша мамлекетинин Варшава шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согушту эскерүү жыйынында жолугат. Андагы эскерүү жыйынына Орусиянын президенти Владимир Путин чакырылган эмес.

Төп келген сан: 28-жыл, 28 куттуктоо…

Кечээ, 31-августта кыргызстандыктар эгемендүүлүктүн 28-жылын майрамдашты. Сандардын төп келгенин караңызчы, майрамыбызды 28 мамлекет башчысы куттуктаган. Алар президентибиз Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды куттукташып, каалоолорун айтышкан. Алар кимдер? Тизме төмөндө:

1.Касым-Жомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаев (Казакстан);

2/Шавкат Мирзиёев (Өзбекстан);

3.Эмомали Рахмон (Тажикстан);

4.Ильхам Алиев (Азербайжан);

5.Гурбангулы Бердымухамедов (Түркмөнстан);

6.Владимир Путин (Россия);

7.Александр Лукашенко (Белоруссия);

8.Владимир Зеленский (Украина);

9.Си Цзиньпин (Кытай);

10.Режеп Тайип Эрдоган (Түркия);

11.Мун Чжэ Ин (Түштүк Корея);

12.Халифа Бин Заед Аль-Нахаян (Бириккен Араб эмирлиги)

13.Дональд Трамп (АКШ);

14.Халтмаагийн Баттулга (Монголия);

15.Рам Натх Ковинд (Индия);

16.Ариф Алви (Пакистан);

17.Мохаммад Ашраф Гани (Афганистан).

18.Франк-Вальтер Штайнмайер (Германия);

19.Испаниянын королу Фелипе VI;

20.Ули Маурер (Швейцария);

21.Румен Радев (Болгария);

22.Прокопиос Павлопулос (Греция);

23.Клаус Вернер Йоханнис (Румыния);

24.Янош Адер (Венгрия);

25.Бельгия королу Филипп;

26.Сержо Маттарелла (Италия);

27.Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд (Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы);

28.Абдель Фаттах Аль Сиси (Египет).

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.