Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон киши кармалды

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон киши кармалды

Бул тууралуу ШИИБ билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, милиция шектелген адамдын артынын түшүп, Каракол шаарынан 24 жаштагы Б.М. аттуу жаранды кармаган. Анын автоунаасынан далилдүү буюмдар табылган. Учурда шектүү камакка алынып, башка кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 6-майда, ырчы Мирбек Атабековдун Дариха Абдрахманова арыз менен милицияга кайрылган. Анын жазган арызында Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө түнкү саат 1:45де беткап кийген, куралданган кишилер кирип, тапанча такап коркутуп, акча сурашкан. 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын тоноп кеткени жазылган. Бул факт катталып, шектүүлөр издөөгө алынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.