ВИДЕО: Илим Карыпбеков “Путин чокусуна” чыгып, Владимир Путинге кайрылуу жасады…

ВИДЕО: Илим Карыпбеков “Путин чокусуна” чыгып, Владимир Путинге кайрылуу жасады…

Бүгүн, 2-сентябрда КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков “Путин чокусуна” чыгып, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасады. Чокуда Кыргызстандын желегин кармап, сүйлөп тартылган тасмасын “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

“Путин чокусунун” чыры…

Бул чоку абактагы Атамбаевди эске салды. Бул чокунун берилиши депутаттар арасында чыр жаратып, эл нааразы болгон. 2011-жылдын 17-февралында Жогорку Кеңештин депутаттары сунушту колдоп берген. Бир гана “Ата Мекен” партиясы чырылдап каршы чыккан. Аны эч ким укпай, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы бир чокуну “Владимир Путин чокусу” деп аталган. Чокунун бийиктиги 4446 метрге чейин жетээри айтылган. Ал учурда В. Путин Орусиянын премьер-министри болчу. Алмазбек Атамбаев да премьер-министр эле. Мындай демилгени Москва районунун жергиликтүү администрациясы көтөрүп чыгып, Алмазбек Атамбаевге сунушташкан, ал колдогон. Кыргыз чокусуна Орусиянын төбөлдөрүнүн аттары берилип жатканына айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер каршы пикирлерин айтышкан. Москва районунун тургандары да нааразы болгон. Бирок, алардын үнүн эч ким уккан эмес. Кыскасы, Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде эле билгенин кылыптыр да…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.