Үч ВИДЕО: Садыр Жапаровдун баласын сүзгөн бала кечирим сурады. Ташиев ыйлады…

Үч ВИДЕО: Садыр Жапаровдун баласын сүзгөн бала кечирим сурады. Ташиев ыйлады…

СҮРӨТТӨ: Дастан Садыр уулу

Ютубдагы активдүү катышуучу Талантбек Сагынбаев Дастан Садыр уулун машинасы менен сүзүп кеткен бала менен учкай баарлашкан. Ал маркумдун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, өмүр бою карыз экенин айтыптыр. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, Дастан Садыр уулу жол кырсыгына (22-августта, түнкү саат 22.25тер чамасында) учурап, Бишкектеги ооруканага жеткирилип, өзүнө келалбай 26-августта көз жумган.

Абактагы экс-депутат Садыр Жапаровго тун уулуна топурак салууга уруксат берилип, үйүнө барган. Баласын 28-августта акыркы сапарга узатып, топурак салды. Маркумдун сөөгү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында жерге берилди.

Акыркы сапарга узатууга көрүнүктүү, белгилүү саясатчылар барган. Экс-депутат Камчыбек Ташиев барып, досу Садыр Жапаровду кучактап ыйлаган… Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Уулун акыркы сапарга узатуудагы атанын сөзү элди ыйлатты…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.