Эки ВИДЕО: Зөөкүрлөр токмоктогону аз келгенсип, тез жардамга да жолтоо болушкан

Эки ВИДЕО: Зөөкүрлөр токмоктогону аз келгенсип, тез жардамга да жолтоо болушкан

Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташ болгон жерде 2 киши катуу жабыркап, анын бири комага түшүп калган. Ал жерге тез жардам келгенде, алып кетүүгө сабаган балдар жолтоо болгон. Аны бу жердеги  ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, бул окуя ШИИБнин билдирүүсүнө караганда, Бишкектеги Жал кичирайонунда, 28-августта болгон. Ленин РИИБге арыз менен жабырлануучунун жубайы Д.М. кайрылып, күйөөсүн аеосуз сабап, качып кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. 31 жаштагы М.А. ооруканага түшкөн. Мушташтын дагы бир катышуучусу 31 жаштагы Б.У. Улуттук госпиталга жаткырылган.

Сабап, эси ооп жатып калса да, башына бир топ жолу тепкен…

Саламаттык министрлигин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, жабырлануучу кечээ комадан чыккан. «Жабырлануучу комадан чыкты. Аны нейротравма бөлүмүнө которушту. Анын баш мээси чайкалган, абалы орто оордукта. Ошондой эле ошол эле күнү Улуттук госпиталга жаагы сынган бейтап келип түштү», -деп билдиришти министрликтен.

ИИМ министринин көзөмөлүндө…

ИИМ министри Кашкар Жунушалиев бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынына катышты. Министрге депутат Мирлан Жээнчороев балдарды сабап, милициянын тааныш болгон үчүн кое берилген зөөкүрлөр боюнча суроо берди. Ага министр:  “Туура, чынында эле шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштейт. Биздин кызматкерлердин бул ишке кийлигишкени да чын. Иликтөө иштери аяктары менен суроолорго жооп беребиз. Зөөкүрлүк боюнча иш менин жеке көзөмөлүмдө, кылмышкерлер жакын арада кармалат”,-деп жооп берди.

Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган, алар: Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.