ВИДЕО: Премьер-министр зөөкүрлөрдү коргогон милицияларга чара көрүүнү тапшырды

ВИДЕО: Премьер-министр зөөкүрлөрдү коргогон милицияларга чара көрүүнү тапшырды

Кечээ, Бишкектеги Жал кичирайонунда маркеттин жанынан аеосуз сабалган эки балага тез жардам келип, алып кетели десе, сабаган балдар ага да жолтоо болгон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕдеги видеодон көрүңүз!

Кайдыгер милициялар…

Ал жерге милициялар келип, көпкө чейин ур-токмокко алган балдар менен сүйлөшүп туруп, кебелбей кетип калышкан. Аны толугу менен бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Өкмөт башчы министрге тезинен чара көрүүнү буйрук кылды

Бул окуя боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үн катты. Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин айткан. Ал Бишкекте эки жарандын сабалышы боюнча ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. “Эки жигитти ур-токмокко алып ырайымсыздыгы менен таң калтырган окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү абзел. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок«,-деген премьер-министр. Ошондой эле өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга мыкты медициналык жардам көрсөтүү менен бирге зарыл дары-дармектерди камсыздоо тапшырмасын берген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.