Зеленский кол койгон мыйзамды Салянова депутат кезинде жазган. Экс-депутаттын соту болот!

Зеленский кол койгон мыйзамды Салянова депутат кезинде жазган. Экс-депутаттын соту болот!

5-сентябрда, саат 16:00до Жогорку сотто мурдагы баш прокурор, мурдагы депутат, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отуруму болот. Сотто жаңы ачылган жагдайлар каралат. Бул тууралуу Аида Салянованын туугандары билдирди. Алар эртең Жогорку Сот адилеттүү, калыстык менен ишти карап, актайт деп үмүттөнүп, Атамбаевдин буйругу менен кабыл алынган чечим жокко чыгарылат деген терең ишеничте турушат.

Жалган жалаа. Күнкарама соттун өкүмү…

Эскерте кетсек, 2010-жылы Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турганда «Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айып тагылып, ошонун негизинде өкүм чыккан. Тагырагы, Ленин райондук соту жалган жалаа, Атамбаевдин буйругу менен 2017-жылы, 10-октябрда беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турганы айтылган. Мындай акыйкатсыздык чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. 2018-жылы, 3-мартта БШК Салянованы депутаттык мандатынан ажыраткан.

Депутат кезинде жакшы мыйзам жазган, ага Атамбаев кол койбой койгон…

Сөз кезеги келип турганда, айтып калалы, болгондо да далил менен. Аида Салянова депутат болуп турганда, коррупция фактыларын ачыкка чыгарган жарандарды коргоо жөнүндө мыйзам жазып чыккан. Бул элге эң керектүү мыйзам болчу. Мындай мыкты мыйзамдын өтүшү Жогорку Кеңеште кыйын эле болгон, ошентсе да, Аида Жеңишбековнанын кыйындыгынан парламенттеги үч окуудан өтүп, андагы президент Атамбаевдин колуна тийген. 2016-жыл болчу. Тилекке каршы, Атамбаев ал мыйзамга вето коюп салган. Көрсө, Атамбаев өзү коррупционер турбайбы… Мына, бүгүн абакта!

Ал мыйзам ошол бойдон көмүскөдө калган жок. Аида Жеңишбековнанын партиялашы, депутат Наталья Никитенко ал мыйзамды 2019-жылы, январда президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтөт, ага президент кол коет. Ошентип, бул мыйзамдын багы ачылып, анын негиздөөчүсү, автору катары Аида Салянованын аты калды. Атамбаев кол коюп, жалган жалаа менен соттотпосо, бут тоспосо, дагы канча деген ушундай мыкты мыйзамдарды жазмак. Парламентте мындай мыйзам жазган адам жок болуп жатпайбы, чынбы!?

Эмне үчүн Зеленскийди тема кылдык?

Украинанын президенти Владимир Зеленскийди эмнеге темага кошту деп таңгалып жатсаңыздар керек? Себеби, Аида Салянова депутат кезинде жазган мыйзам Украинадагы жаңы түзүлгөн Раданын биринчи кабыл алынган мыйзамдарынын бири экен. Окшоштугун караңызчы! Андай мыйзамды биздин, болгондо да кыргыз кызыбыз, мындан үч жыл мурун жазып жатпайбы!

Мыкты мыйзам үчүн президент Зеленский колдоп, кол коюп, “Биз коррупционерлерди кармап бергендерге он пайызын төлөп беребиз”,- деп, сүйүнүп атпайбы. Мындай практика бир-эки эле постсоветтик өлкөдө бар экен. Украинада иштеп кетти. А биздечи? Мындай мыйзам бар экенин Өкмөт деле билбейт болуш керек. Президент кол койгондон кийин, аны иштетип кетүү Өкмөттөн да, алар  азырынча маалымат бере элек. Канча киши кайрылды, аларга канча каражат төлөнүп берилди, мамлекет аларды кандай коргоого алды? Айтор, толгон-токой суроо…. Президент өз көзөмөлүнө алып, мындай мыкты мыйзамды иштетсе, мамлекетке да, элге да жакшы болмок! Бирок, биз бул мыйзам боюнча сөзсүз Өкмөткө кайрылабыз да, алардын жообун элге жарыялайбыз. Себеби, мындай мыйзам көмүскөдө калбай, иштеп, элге ачык-айкын болушу керек!

Атамбаев. «Граф».  Салянова

Ушул аталышта Аида Салянованын актыгын окуй аласыз. Бул макала былтыр жайында жарык көргөн, бирок, актуалдуулугун жогото элек. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыз да, жыйынтык чыгара аласыз! Жогорку Сот дагы акыйкат чечим чыгарып, Аида Салянованы актайт деген ишеничтебиз!

Нази БАЯН кызы

2 thoughts on “Зеленский кол койгон мыйзамды Салянова депутат кезинде жазган. Экс-депутаттын соту болот!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.