Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ: «Бүгүн “Зөөкүрлөр” окуясы боюнча митинг болот, келиңиз!”

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ: «Бүгүн “Зөөкүрлөр” окуясы боюнча митинг болот, келиңиз!”

Журналист Тынчтык Алтымышев “Фейсбук” баракчасына: «Зөөкүрлүк» окуясы боюнча митинг болот, Акүй алдында саат 11:00гө келиңиздер!”,-деп жазды. Ал буга чейин аоесуз сабалган балдардын бири анын иниси экенин жазган. Кесиптешибиз эле эмес, видеону көргөндөрдүн баарынын кыжыры келип, алардын жоопко тартылуусун талап кылышууда! Кесиптешибиздин чакыруусун колдойлу, Ак үйдүн алдына барып, чагылдырып берели!

Үрөй учурган, төбөдөгү чачты тик тургузган окуяны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОсун көрүңүз!

Шаалакылык кылган төрт милицияга кылмыш иши козголду

Алсыз балдарды кийиздей тепкилеген зөөкүрлөргө Ички иштер башкармалыгы издөө жарыяласа, аларды бошотуп жиберген, сабалган жерге барган төрт милиционерге Ленин райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн №479 экипаж барганын, аларга Чүй ОИИББнин кызматкери тоскоолдук кылып, шектүүлөрдү алып кетип калганын маалымдады.

Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 348-беренеси («Кылмышты жашыруу») айыбы тагылып, тергөө иши жүрүүдө. Тергөө амалдарын УКМК жүргүзүүдө.

Инисинин ишин жашырган майор кызматтан бошотулду

Балдарды тепкилеген Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков издөөдө. Жаныбек Бапышевдин агасы Казыбек Бапышев Ички иликтөө кызматы милициянын майору, Чүй ОИИББдин ыкчам аракеттеги кызматкери болгон. Майордун окуя болгон жердеги иш аракеттери иликтеген. ИИМдин айтымында, ал бир гана шектүүнүн агасы болуп эсептелет. Анын аракети кылмышты жабуу жана кызмат абалынан пайдаланган деп бааланып, кызматынын алынганы кечээ маалым болду. Казыбек Бапышев окуя болгон жерге барып, эки шектүүнү алып кеткен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.