14 жаштагы окуучу студент болду

14 жаштагы окуучу студент болду

Бул Кыргызстанда эмес, Өзбекстанда болгон. Мамлекеттик тестирлөө борборундагы сынакта 120,9 упай алган өспүрүм Карши мамлекеттик университетинин биология факультетине тапшырды. Аталган окуу жайдын сайтындагы маалыматка караганда, өспүрүм университетте мамлекеттик гранттын эсебинен бекер окуйт.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруудагы курактык чектөө алынган. Июлдун башында 72 жаштагы аял Фергана мамлекеттик университетине документтерин тапшырганы кабарланган. Андан бир жума өткөндөн кийин, Сурхандарыя облусунун 78 жаштагы тургуну Маматкул Бердиалиев Ташкент агрардык университетинин Термездеги бөлүмүндө абитуриент болгон. Ошол эле айда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов Ташкент медициналык академиясынын Термездеги бөлүмүнө жана Самарканд мамлекеттик университетине окууга тапшырган.
Мамлекеттик тест борборунун маалыматына караганда, быйыл өлкөдөгү эң кары абитуриент 87 жаштагы адам болгон.

Күнайым КУБАНЫБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.