Алтынбек ЖУНУС уулу: “Кеңештиктер контейнер мектепке бийликке нааразы эмес, ыраазы экен”

Алтынбек ЖУНУС уулу: “Кеңештиктер контейнер мектепке бийликке нааразы эмес, ыраазы экен”

Бүгүн, 6-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен депутат Алтынбек Жунус уулу Нарын районундагы Кеңеш айылындагы контейнер мектепке барып, маалымат алышканын депутат өзү “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, сүрөттөрүн жүктөдү. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыз.

Бүгүн, 6-сентябрда Нарындын Кеңеш айылындагы дуу болгон контейнер мектепке КРнын вице-премьер-министри Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна менен бирге дагы бир жолу барып келдим. Айылдагы абал менен таанышсак, ал жакта мектепке жакын, курулушу бүтүп, азыраак жумушу калган жаңы клуб бар экен. Өкмөт тез арада, суук түшкөнгө чейин, ошол клубдун ички жылуулук системасын бүтүрүп, майда-чүйдө бүтө элек жумуштарын жасап, контейнердеги кысылып, аба жетип-жетпей окуп жаткан 4 класс окуучуну клубга көчүрүүнү өз мойнуна алды. Бирок, жаңы мектептин курулушу да башталып, кийинки окуу жылына чейин 150 орундуу мектеп толук курулуп бүтүп, ишке берилээри да бекем убада кылынды.

Кеңештиктер маселени убактылуу болсо да колго алып, контейнер мектепти курган акимге, жергиликтүү бийликке нааразы эмес, тескерисинче, ыраазы экен. Эч уяты жок экенин, өкмөттүн абалына түшүнүү менен мамиле кылышаарын Алтынай Сейитбековна экөөбүзгө билдиришти. Кыскасы, буюрса, контейнерден окуучулар жаңы клубка көчүп, эмдиги жылы жаңы мектептин босогосун атташат. Биз да бул ишке керектүү жардамыбызды берип, көзөмөлгө алабыз. Уялбай, иштей берели”,-деп жазыптыр депутат.

“Уяла турган нерсе – ал жерге чиновниктердин барып алганы”

Буга чейин ушул маселе боюнча журналисттер депутат Алтынбек Жунус уулуна суроо узатканда, ал мындай деп жооп берген:

Мен ал айылда болгом, ӨКМ колдонууга кооптуу деп жабуу сунушун берген мектепте болгом. Эми ошол күтпөгөн маалда кулап, окуучуларды басып кала турган мектепке караганда контейнерден жасалган мобилдүү мектепте окуу алда канча коопсуз болгон. Мында уяла турган нерсе жок!
Адатта эски мектептер кулап же курулуш бүтпөй, окуучулар чатырда, бозүйдө окуп калган учурлар көп кездешет бизде. Андыктан, ошол контейнерлерди коюп, окуу программасын үзгүлтүккө учуратпай, билим берүүнү камсыздагандарга мен ырахмат айтам.
Уяла турган нерсе- ал жерге чиновниктердин барып алганы, шаан шөкөт кылганы.

Контейнер мектепте окуган Мыкы…

Контейнер мектеп боюнча шакаба тасма чыккан. Ал төмөндө:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.