Эки күн мурда эле айткан кишисин Өкмөт Нарын губернатору кылды

Эки күн мурда эле айткан кишисин Өкмөт Нарын губернатору кылды

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-сентябрда кол койгон.

55 жаштагы Эмилбек Алымкулов буга чейин Нарын шаарынын мэри болгон, ал кызматынан өз арызы менен бошотулган. Ушул эле күнү Аманбай Кайыпов өзүнүн берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Негизи А.Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, анын ордуна Э.Алымкулов келээри 4-сентябрда эле маалым болгон. Алгач айтылып, кайра жашырылган. Кайыпов өзү да “Спутник” сайтына кызматтан кетпей, ордунда иштеп жатканын айткан, Өкмөттүн басма сөз кызматы да аны тастыктаган.

Мурунку губернатор Аманбай Кайыповго кийинки күнү эл нааразы болуп келген. Аны кызматтан кетирүүнү социалдык тармактын колдонуучулары байма-бай жазып келишкен. Алар жакындагы эле Нарын районундагы Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектепке нааразы болуп, сындап, “кызматтан кетсин!”дешкен. Ага чейин Солтон-Сары кениндеги чырга да нааразы болгон жергиликтүү эл кызматтан кетишин талап кылышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.