Канат ЖУМАГАЗИЕВ: “Балдарды сабаган шектүүлөр өмүр бою абакка кесилиши ыктымал”

Канат ЖУМАГАЗИЕВ: “Балдарды сабаган шектүүлөр өмүр бою абакка кесилиши ыктымал”

Бүгүн таңга маал өз ыктыяры менен милицияга келген издөөдө жүргөн бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков тергөө абагына киргизилип, алардын иши тергелүүдө.

Алар колго түшүп бергенден кийин, милициялар бүгүн журналисттерге жыйын өткөрдү. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов шектүүлөр көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Анын айтымында, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыктан улам, кылмыштын мотиви белгисиз болуп жатат. “Мындай кадам алардын укугу, тергөөнүн жүрүшүндө, адвокаттын катышуусу менен кийин кеңири көрсөтмө беришерине ишеним артып турам”,-дейт Утемисов.

Ал эми Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиевдин айтымында, алардын күнөөсү аныктала турган болсо, анда 10 жылдан тарта, өмүр бою абакка чейин кесилиши ыктымал. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренелери («Адам өлтүрүүгө аракеттенүү») менен соттолот.

Алардын милицияга келгенин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОсун көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.