ШАКАБА: Контейнерде окуган Мыкы (ВИДЕО)

ШАКАБА: Контейнерде окуган Мыкы (ВИДЕО)

Нарын облусундагы Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер-мектептин ачылышы болуп, ага беш чиновник барып алганы алигүнчө ооздон түшпөй, шакабага айланды. Биздин белгилүү куудул балдарыбыз мыкты видео-шакаба тартышкан. Ал элге жагып, социалдык тармактарга тарап жаткан кези. Аны төмөндөн көрүңүз!

Алтынбек ЖУНУС уулу: “Уяла турган нерсе – ал жерге чиновниктердин барып алганы”

Журналисттер ЖК депутаттарынын айрымдары ал боюнча суроо узатышкан. Депутат Алтынбек Жунус уулу мындай деп жооп берген:

Мен ал айылда болгом, ӨКМ колдонууга кооптуу деп жабуу сунушун берген мектепте болгом. Эми ошол күтпөгөн маалда кулап, окуучуларды басып кала турган мектепке караганда контейнерден жасалган мобилдүү мектепте окуу алда канча коопсуз болгон. Мында уяла турган нерсе жок!
Адатта эски мектептер кулап же курулуш бүтпөй, окуучулар чатырда, бозүйдө окуп калган учурлар көп кездешет бизде. Андыктан, ошол контейнерлерди коюп, окуу программасын үзгүлтүккө учуратпай, билим берүүнү камсыздагандарга мен ырахмат айтам.
Уяла турган нерсе-
ал жерге чиновниктердин барып алганы, шаан шөкөт кылганы.

Депутат Чыныбай Турсунбековдун жообун ВИДЕОдон көрүңүз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.