ВИДЕО: 9 жаштагы кыздын күйөөгө берилгенин туура эмес көргөн эл сотко кайрылды

ВИДЕО: 9 жаштагы кыздын күйөөгө берилгенин туура эмес көргөн эл сотко кайрылды

 

Коомчулукта терс пикир жараткан үйлөнүү үлпөтүндөгү тасманы журналист Масих Алинежад (ал өзү да мындай никеге каршы. Тогуз жаш эмес, 13 жаштан баштап турмушка берилген кыздарга каршы пикирин жазып келет) жарыялаган. Ал жарыялагандан кийин коомчулук жарылды…

Бул тасмадан 28 жаштагы ирандык жаран 9 жаштагы кызга үйлөнүп жатканын көрүүгө болот. Кызды үйлөнүү үлпөтүндөгү көйнөктү кийгизип, жигиттин жанына отургузуп коюп, молдо алардын никесин кыйып жатканын көрө аласыздар. Өтө өкүнүчтүү көрүнүш.

Кыздын классташтарыбы, айтор, кыздын курагындагы балдар ага күбө болуп турушат. Чоң эле аялдар күлүп, ага күбө болуп, карап отурушат.

Ал тасманы төмөндөн көрүңүз!

Мындай тасма элдин терс пикирин жаратып, аны 8 миң адам бөлүшкөн. Алар мындай көрүнүштү каада-салт деп айтууга болбосун, күйөө дегенден кабары жок, эч нерсеге даяр эмес кичинекей кызды турмушка узаткандарын туура эмес көрүшкөн пикирлерин калтырышкан. Иран бийлиги  Бахмай провинциясындагы Бойер-Ахмаддагы бул никелешүүнү жокко чыгаруусун талап кылып, Ислам сотуна кайрылышкан.

Албетте, мындай нерсени башка өлкөдөн көрүп, угуп эле келатабыз. Кайсы улут болбосун, өспүрүм, наристе кыздарды турмушка берүүгө каршы болосуң.  Сотко берип жаткандары туура.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.