Жамбыл КАМЧИЕВ: “Адам өмүрүнө кол салган эки жигит 10 жылга камалышы керек!”

Жамбыл КАМЧИЕВ: “Адам өмүрүнө кол салган эки жигит 10 жылга камалышы керек!”

Буга чейин эки жигитти аёосуз сабап, тепкилеген Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сейитбекович адамды сабоо фактысы менен изделип жаткан. Алар бүгүн, таңкы төрттө өздөрү милицияга келип, колго түшүп беришкен. Алардын антип колго түшүп берүүсү азыр социалдык тармакта кызуу талкууда. Биз президенттик шайлоодо талапкерин бир канча жолу коюп келген куудул Жамбыл Камчиевге суроо берип, бул окуя боюнча оюн билдик.

-Жамбыл мырза, балдарды сабап, издөөдө жүргөндөр кайда жашынып жаткан деп ойлойсуз?

— Менин оюмча, алар туугандарыныкында, тааныштарыныкында эле жашынып жүрүшкөн.

— Алардын өздөрүнүн абийири ойногуп келди деп ойлойсузбу же милиция агасы кеңеш берди деп ойлойсузбу?

— Сабаган балдардын биринин агасы милиция экенин деле билбейм, бирок, силердин жазганыңардан билдим. Балдарды тепкилеген күнү ал жерге кайсы майор келди эле? Ошол агасыбы? Так ошол майор таптырып келген деп ойлойм. Себеби, өздөрү барып колго түшкөндө бир аз болсо да күнөөсү жеңилдилет эмеспи. Ошондой нерсе мыйзамда каралганын майор тигилерге айтса керек да.

-Колго түшүп бергендер боюнча бүгүн милициялар журналисттерге маалымат берди. Маалымат бергендердин бири — Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Канат Жумагазиев. Ал: “алардын жазасы жеңилдетилет деп кооптонууга негиз жок»,-деди. Жазасы жеңилдетилбейт деп ойлойсузбу? Дегеле балдарга кандай чара көрүүнү сунуштайт элеңиз?

— Милиция аларды өлө коргошот. Себеби, буга чейин эмнеге табышкан жок? Жакшылап издесе тапмак да. Коргогону ошо да. Анын үстүнө аларды окуя болгон жерден майор алып кетип, кое берип жатпайбы. Ал майор да жөн жатпайт. Баарыбыз эле видеону көрдүк го, адамды өлтүрүүгө кол салышканын. Эси ооп жатса да жанчып жатат. Башына бир канча жолу, топ тепкендей эле тепти. Бул факт. Муну эч ким тана албайт. Эгер ушул фактыны милиция жашырса, анда алар таптакыр ишеничтен кетет. Бул иш адам өмүрүнө кол салуу катары каралып, сабагандар 6 жылдан 10 жылга чейин, күчөтүлгөн режимде кесилип, түрмөгө олтурушу керек! Ал видеону көргөндө аябай жиним келди. Аны сабаган балдардын ата-энеси, ошол жерден алып кеткен майор деле көрдү да. Баарыбыздын башыбызда бала бар. Ошондуктан сабалган балдардын ордуна өздөрүнүн балдарын коюп көрүшсүн да. Эгер алардын балдарын ошентип сабаса, эмне кылат эле? Алар да ушундай талапты коймок, туурабы!? Мыйзам бардык адамга бирдей каралышы керек! Тааныш, тууган деген мыйзамдан жогору коюлбашы керек!

Таңкы төрттө милицияга келген шектүүлөр…

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-сентябрда, таңкы төрттө издөөдө жүргөн Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен Сейитбеков Калысбек Сейитбек милицияга келген. Алардын келгенин “Жалбырак ТВ” тарткан. Ал төмөндө:

Ага чейинки окуялар…

Үрөйдү учурган окуя негизи 28-августта, болжол менен таңкы саат 7:00дөр чамасында, Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанында болгон. Андагы болгон окуянын видеосу бир жумадан кийин социалдык тармактарга тараган. Ал видеодон эки баланын аеосуз сабалганын көрүүгө болот. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Үч бир тууган: экөө шектүү, бири майор…

Бүгүн өздөрү колго түшкөн шектүүлөр боюнча милициялар маалымат жыйын өткөрүп, анда милиция Утемисов шектүүлөр азырынча көрсөтмө бере электигин айтып, ал экөө: Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович бир туугандар экенин ырастады. Буга чейин бул эки бир туугандын агасы, милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынып, бир нече милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган. Кийинчерээк шектүүлөр Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылганы аныкталган. Ошентип, бүгүн үчөө бир тууган экени билинди. Аларга кандай чара көрүлүп, сот кандай чечим чыгаары алдыда. Азырынча тергөө жүрүп жатат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.