Инсульт, инфарктын дарысын ойлоп тапкан — студент Руслан Абдраманов

Инсульт, инфарктын дарысын ойлоп тапкан — студент Руслан Абдраманов

“Кыргызстанда күнүгө миңдеген кишилер инсульт менен инфарктан каза болушат. Аларды сактап калгысы келген ким?” аталышта, кечээ, 7-сентябрда орус тилинде жарыяланды.

Кыргызстандык студент-вундеркинд кан басымды дарылоо жолу менен инсульт менен инфарктан эрте ажалга алдыргандардын өмүрүн сактоо боюнча ачылыш жасап, өлкөбүздүн эң жогорку медициналык сыйлыгына ээ болду. 2019-жылдын жазында Кардиологдордун европалык конгрессинде болуп көрбөгөндөй окуя болду. Трибунага келген жаш жигитке залдагылар ордуларынан туруп, кенен он мүнөт кол чаап турушту. Бул Руслан Абдраманов эле – Кыргызстандык студент. Дал ушул жаш жигитибиз гипертонияны дарылоо жана кан басымдын айынан келип чыккан инсульт менен инфаркты алдын алуу боюнча уникалдуу дабасын сунуш кылган.

Русландын эң мыкты идеясын Кыргызстандын илимий коомчулугу колдоп, жүзөгө ашырып олтурат. Жүрөк Институтунун, Улуттук Кардиология университетинин жана башка көптөгөн адистер ал дарынын үстүнөн иштеди. Дары жасалып, эң сонун жыйынтыктарды бере баштады.

Бул дары кантип миллиондогон өмүрлөрдү сактап калат, кыргызстандыктар аны кайдан сатып алса болот – бүгүнкү маегибизде.

— Руслан, сен дүйнөдөгү медицина тармагындагы эң акылдуу он студенттин катарына кирдиң. Эмнеге дал ушул гипертония көйгөйү менен алпурушуп калдың?

— Муну элге ачык деле айткым келген эмес, анткени жеке жашоомо байланыштуу. Бир нече жылдар мурун алтындай апакем дал ушул гипертониядан каза болду. Бардыгы жакшы эле болчу, анан бир күнү эле апам уктап жатканда инсульт болуп, кыйналып каза болгон. Ошентип алтындай апаман айрылдым. Андан мурун бул оорудан чоң апам да каза болгон. Ошондон тарта кан басымдын жогорулашы жана анын дарылоо боюнча маселелерге баш-отум менен кирдим. Дарыканалардагы көпчүлүк дарылар – пайдасыз химия экенин түшүнгөнүмдө, келмем оозуман түшүп калды, алар дарылабай эле, кайра кан тамырлар менен жүрөккө зыяны гана тийет экен. Ал эми апам ал дарыларды күндө иччү да.

Акыркы үч жылда ушул тема менен гана алек болдум. Азыр бардыгы сөз кылып жаткан гипертонияны дарылоону жаңы ыкмасы дипломдук ишимди жазып жаткан учурда пайда болду. Жаңы нерсе ойлоп тапканымды түшүнүп эле турдум. Бирок ар түрдүү структуралардан мындай кызыгуу болот деп эч ойлогон эмесмин.

— Кайсыл структуралардан?

— Менин айыктыруу ыкмам жөнүндө материалдар жарык көрө баштаганда эле идеямды сатып алуу боюнча сунуштар түшө баштады. Эң алгач мага кайдагы бир француздар чыгышты, 120 миң евро сунуш кылышып. Акыркы ирет америкалык дары-дармек холдинги чыгып, идеямды 35 миллион долларга сатып алабыз дешти.  Азыр телефон номурумду алмаштырып, социалдык тармактарга да кирбей калдым. Себеби, “сатып алабыз” деп эле туш-тараптан жанды койбой жатышат.

— Демек, формуланы саткан жоксуз да?

— Жок, сатпадым. Кандай десем, мен аны чет өлкөдөгү кишилер байысын деп ойлолп тапкан жокмун да. Формуланы чет жакка сатып жиберсем эмне болот? Алар дароо патент алышат, алардан башкаларга өндүрүүнү тыюу салышат да, дарынын баасын асмандатып коюшат. Мен жаш болсом да, анчалык баео эмесмин. Эгерде ошондой болуп кетсе, кыргыздар аны менен дарылана албай калышмак. Бир чет элдик мага врач айткан, мындай дарынын баасы 3 миң доллар болот деп. Ушу кантип болсун? Кыргызстанда үч миң долларга ким дары сатып алмак эле?

Ошондон улам, мамлекет кол сунуп, улуттук кыргыз дарысын иштеп чыгууга катышуумду сунуш кылышты, мен дароо макул болдум. Биз Жүрөк Институтунун, Улуттук Кардиология университетинин эң мыкты адистери менен бирге иштештим. Процесс укмуш болду эми. Азыр дары клиникалык сыноодон өтүп, элге сатыла баштады.

Врач-кардиологдордун конференциясы быйыл 10-июнда өтүп, ага Руслан Абдраманов да катышкан. Биз конференциянын катышуучуларына, атайын адистерге да суроо узатып көрдүк. Жаңы дары жөнүндө өз ойлорун ортого салышты.

— Руслан Абдрамановдун идеясынын өзөгү эмнеде? Ал чындап эле гипертонияны дарылайбы?

— Русландын идеясы – кан басымдын калыпка салуунун жаңы дабасы. Мурдагы дары-дармектер кандай таасир берет? Алар күч менен кантамырларды кеңейтип, кан басым түшөт. Бирок ошол эле учурда кан тамырларга, жүрөккө да зыяны тийбей койбойт, инсульт же инфарктын болуусуна түрткү болот. Бирок гипертониянын негизги себептерине таасир бербейт – майда тамырлар кычкыл көмүртекке толо берет. Ошентип ден соолук начарлай берет.

Ал эми Русландын идеясында дал ошол майда тамырлардагы кычкыл көмүртекти тазалайт, натыйжада гипертониянын алгачкы себептерин жокко чыгарат. Ошентип жаңы башталган гипертонияны толугу менен дарыласа болот. Бирок бул дарттын оор стадиясына аздык кылат дечи, анда кан тамырлар запкы тартып, жүрөк начар иштеп калган болот да. Анткени кан басым алгачкы себептерден гана эмес, экинчи себептерге да көз каранды. Ошондуктан көптөгөн врачтар менен медициналык адистер зарыл болду, сунуш кылынган формуланын негизинде таасирдүү дары-дармекти жасоого туура келди.

— Гипертония ушунчалык коркунучтуубу? Бул жөн гана кан басымдын көтөрүлүп кетиши да?

-Кыргызстандагы өлүмдөрдүн санын көрдүңүз беле? Жүрөк оорулардан канча киши каза болот? 73 пайыз! Бул өтө көп. Ар бир жараныбызда кан көтөрүлүп-түшүп турат экен. Жанагыл инфарк менен инсульттан каза болгондордун бардыгы гипертония болгон. Бардыгы кан басымдан азап чегип келишкен. Ар бири! Батышта инсульт менен инфарк гипертониядан келип чыкканын мурда эле түшүнүшкөн. Гипертонияга даба табылса, жүрөк оорулары болбойт. Ал эми себебин дарылабай, ооруну айыктыра албайсың, маа демектен күнүгө кочуштап дары ичкиле, жыйынтык бербейт. Жүрөк-кан тамыр оорулардын бардыгы кан басымга байланыштуу. Анын айынан кантамырдын ички бөлүктөрү эскирип, капталдарын талкалайт, тамырлар булганат, аритмия, стенокардия пайда болот, жүрөктүн ишемия дарты күчөйт.

— Гипертониктер үчүн толгон-токой дарылар бар эмеспи. Аларды жокко чыгарабызбы?

— Кептин баары – дал ошол көптүгүндө болуп жатат. Ал жөнүндө сөз башында кеңири айттык окшойт. Пайдасынан зыяны көп болуп жатат. Алардын жардамы менен гипертонияны айыктырууга мүмкүн эмес. Руслан абдан туура айтып жатат. Дарыканалардагы дармектердин формуларын адиске көрсөтүп көргүлөчү, аларды өзгөчө учурда гана кабыл алыш керектигин айтып берет.

— А силер чыгарган дары-дармектин айырмасы эмнеде?

— Эң башкысы – гипертониянын алгачкы себептерин жокко чыгарат – кычкыл көмүртекти тазалайт, кан басым калыбына келет, кантамырдын ички бөлүктөрүн калыпка салат, тамырлардын сескениши — кан басымдын көтөрүлгөнүнүн экинчи себеби. Биздин дары тазалап турат. Жүрөктүн кагышы ордуна келип, күч келбей калат.

Биз, Руслан сыяктуу эле, маселеге башка көз караш менен карадык. Бул дары жөн гана химиялык формулалардын кошундусу эмес, өсүмдүктөрдөн келип чыккан катуу таасир берүүчү кошунду. Дарыканалардагы химиядан айырмаланып, дарыбыз — “Гиперталь” жүрөккө жана башка органдарга терс таасир тийгизбейт.

— Сиз чыгарган дары да дарыканаларда сатылабы? Канча турушу мүмкүн?

— Бул чыныгы касиеттүү дары экенин билишкенден кийин дары чыгаруучулар бизге карата туш-тараптан “чабуул” жасап жатышат. Русланга асмандаган акчаларды сунуш кылышкан экен. Бул дарыны алар чыгарышмак эмес. Алардын максаты – өндүрүшкө түшүрбөө керек болгон. Гипертонияны дарылоо – дүйнөдөгү дары-дармек рыногунда ири орунду ээлейт. АКШнын өзүндө эле ал дарылар миллиарддаган долларларга сатылат. Анан бул дары чыкса, алардын сатыгы төмөн түшүп кетип, акчалай каражаттардан куру кала башташат да. “Гипертальдын” бир курсун ичип эле, кан басым менен жүрөк оорулардан арылса болот. Дарыкана түйүндөрү дары-дармек чыгарган компания менен тыгыз байланышта иштешет. Ошндуктан алар биздин дары жөнүндө уккусу да келбей жатат. Азыр бул гипертонияны дарылоо боюнча Кыргызстан расмий сунуш кылган жападан жалгыз дары.

— Дарыканаларда жок болсо, эл аны кайдан сатып алат?

— Дарыканалар бизди уккусу да келбей калды, бирок аларсыз жолун таап алдык. “Гиперталды” түз сатууну жолго кое алдык. Кимде-ким “Гиперталь” дарысын сатып алгысы келсе, буйрутмасын Улуттук кардиологиянын медициналык изилдөө борборунун расмий сайтына кайрылса болот, телефону менен аты-жөнүн калтырышат, ошондо биздин кишилер байланышып, кеп-кеңешин берип, дарыны үйүнө салып жиберишет. Бул расмий сайт 2019-жылдын 20-августунан бери иштеп жатат.

P.S. Урматтуу окурман! Жогорудагы буюртма сайтына кирип, бул сенсациялуу маалыматтан күмөн санап олтурабыз. Ошондуктан жакшылап текшерип көрүп, анан сиздерге маалымат беребиз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.