Бул бала кыргыз эмес, казак, студент эмес, окуучу экен. Шылуундардын бети ачылды…

Бул бала кыргыз эмес, казак, студент эмес, окуучу экен. Шылуундардын бети ачылды…

“Ежедневно в Кыргызстане тысячи людей умирают от инсультов и инфарктов, кто планирует их спасать?” аталыштагы макаланы биз кечээ кечинде кыргызчага которуп бергенбиз. Ал макалада “авторлор” “инсульт менен инфарктын дарысын ойлоп тапкан студент Руслан Абдраманов кыргызстандык”,-деп баса белгилеп, төмөндөгү сүрөтүн жайгаштырган. А чынында, баары башкача экен…

Руслан Абдраманов эмес, Мирлан Тналиев…

Көрсө, бул бала Руслан Абдраманов эмес эле, Мирлан Тналиев экен. Кыргызстандык эмес, Казакстандык, студент эмес, окуучу экен. Биз бул баланы интернеттен сүрөтү менен издеп, таап алдык. Уральск шаарында окуйт. Мыкты окуган үчүн окуган жеринен сертификат алыптыр. Мирлан Тналиев жөнүндө толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Жогорудагы аталыштагы маалыматты тараткандар “Русландын” (Мирландын) дал ошол сертификат алган сүрөтүндөгү сертификат тапшырган кишинин сүрөтүн кесип салып, анысы аз келгенсип НТСтин журналистин кошо жайгаштырып, мындай деп жазышкан. “Кыргызстандык студент-вундеркинд кан басымды дарылоо жолу менен инсульт менен инфарктан эрте ажалга алдыргандардын өмүрүн сактоо боюнча ачылыш жасап, өлкөбүздүн эң жогорку медициналык сыйлыгына ээ болду. 2019-жылдын жазында Кардиологдордун европалык конгрессинде болуп көрбөгөндөй окуя болду. Трибунага келген жаш жигитке залдагылар ордуларынан туруп, кенен он мүнөт кол чаап турушту. Бул Руслан Абдраманов эле – Кыргызстандык студент. Дал ушул жаш жигитибиз гипертонияны дарылоо жана кан басымдын айынан келип чыккан инсульт менен инфаркты алдын алуу боюнча уникалдуу дабасын сунуш кылган”.

Жалган маалыматты, Руслан Абдрамановдон алган маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу…

Биздин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчиновага кайрылып, бул ажиотаж болгон маалыматты жана шумдук дары Гиперталдын сатылышы боюнча сурасак, маалыматы бар экен. Жылдыз айым: “Бул маалыматтын чыкканына көп болду. Ал жерде карасаңар, маалыматтын жалган экенин тастыктаган бир канча далилди байкайсыңар. Маселен, Саламаттык сактоо министрлигибиз МОЗ деп аталып жүрөт. Улуттук кардиология борбору дагы башкача аталышта берилген. Анан дагы баса айта кетчү нерсе, өлкөдөгү дары-дармектерди биздин министрликтин алдындагы Дары-дармек менен камсыздандыруу департаменти көзөмөлдөйт. Ал жерден текшерүүдөн өтпөй калган дары, эч качан сатыкка чыкпайт”,-деди.

Дары саткандарды да текшердик…

Шылуундар макаланын алдына сайтынын шилтемесин таштап, “номер калтыргыла, чалабыз”,-дешкен, дал ошондой кылып, номерибизди таштадык. Чалышты: 0077719343832, +77059243732 — экөөбүзгө ушул эки номер менен байланышып, сүйлөштү. Экөөнүн айткандарын салыштырсак, бирдей. Дары без рецепта берилет, баасы 1600 сом, бир эмес, минимум беш упаковка алышыбыз керек  экен. Медициналык кеңеш берүү, бейтаптын ал-абалы, оорунун себеп-жагдайы, дарынын туура келээр-келбеси тууралуу бир ооз сөз айтылган жок. Дарыны мактап, заказ кабыл алып, соода кылганга шашышты. “Кардиологи рекомендуют?”,-деген суроого, “жок” деп, бирок, “пациенттин айыгып кетишине 100 пайыз кепилдик беребиз”,-дейт шуулдап ишендиргенге аракет кылышты.

Кадимки эле соодагер. Жакаңды кармайсың! Аларга адамдын өмүрү бир тыйынга турбаганы байкалды. Адам өмүрү менен ойноп, башкы максаттары – акча жасоо гана экен. Андан жаманы булардын дарек булагы, тийиштүү тармагы Кыргызстанда жок. Кыргызстандыктарды ишендирүү үчүн тиги баланын сүрөтүн колдонушкан. Бир макаланын артынан шылуундардын жүзүн ачып, кыргызстандык деген баланын да ким экенин билдик. А биз өзүбүздүн КЫРГЫЗ БАЛАбыздын ушундай ТАБЫЛГАСЫ чыныгы муктаж адамдарга жардамы тийип калсын деген изги тилегибиз менен макаланы кыргызчага которгон элек. Ойлогон оюбуз ордунан чыккан жок.

«Канча алдыңар?»,- дегендерге…

Биз, макаланы которгондо эле алдына ушинтип бакырайтып бергенбиз.

P.S. Урматтуу окурман! Жогорудагы буюртма сайтына кирип, бул сенсациялуу маалыматтан күмөн санап олтурабыз. Ошондуктан жакшылап текшерип көрүп, анан сиздерге маалымат беребиз!

Мына, териштирип, жогоруда маалымат бердик. Дагы далай маалымат беребиз. Али алдыда… Бул баланын окуган жерине, өзүнө да жана Казакстандын журналисттерине да кат жибердик. Дароо арам ойлоп, орой сөз жазгандан алыс болсок, окурман! Эгер биз акча алсак, анда минтип изилдеп эмне кылабыз? Дагы бир жолу кайталайбыз, биз болгону «биздин бала турбайбы, жакшы табылга тааптыр»,- деп сыймыктануу менен чыныгы муктаж адамдарга пайдасы тийип кетсин деген жакшы үмүт кыргызчага которгонбуз. «Биздин бала экен»,-деп сыймыктанып, ага каалоо-тилек айтып жиберген окурмандар да болду. Үмүт артып, дарегин сурагандар да болду. Үмүт менен окуган окурмандардан кечирим сурайбыз. Кечирип коюңуздар, ак чөп башта!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.