Динар ТУРДУГУЛОВА: “Жалбырак” деген Фейк. Биздики “Жалбырак ТВ-Сентябрь” деп аталат”

Динар ТУРДУГУЛОВА: “Жалбырак” деген Фейк. Биздики “Жалбырак ТВ-Сентябрь” деп аталат”

“Фейсбукка” “Жалбырак” деген жалган бир баракча пайда болуп, Өмүрбек Бабановду, Аида Салянованы жамандаган материал чыгарышты. Алардын максаты чыныгы “Жалбырак ТВ – Сентябрды” коомчулукка жаман көрсөтүү экени көрүнүп эле турбайбы. Ошентсе да, айрым ары-бери ооп, ойноп турган, оозуна алы келбегендер “Жалбырактын” журналисттерин жамандап жатышат.

Ошондон улам, биз “Жалбырак ТВ – Сентябрда” иштеп жаткан кесиптешибиз Динар Турдугуловага кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

Биздин баракчанын шапкасын коюп алып, жалган маалыматтарды жазып, видеолорду жүктөген “Жалбырак” деген Фейк пайда болду. Өткөн айда Өмүрбек Бабановду каралаган материалдарды жазышса, бул айда Аида Салянованын жамандаган материал кетти. Буларда уят деген нерсе таптакыр жок экен. «Жалбырак»биздин баракча эмес, ал Фейк баракча. ФЕЙК экени баракчага көз жүгүрткөн адам дароо эле түшүнөт. Биздин “Фейсбуктагы” баракчабыз —  «Жалбырак ТВ — Сентябрь»  деп аталат.

Жасалма “Жалбырак” кимдер тарабынан ачылып, иштеп жатканы бизге белгилүү. Коомчулукту адашууга түртүп, саясий күрөштү өтө ыплас жол менен жүргүзүп жаткан бул баракчаны жаптырууга арыз жазганбыз. Андыктан алардын маалыматына ишенбегиле! Аларды жаптырууга баарыңыздарды көмөктөшүүгө чакырабыз!”,-дейт Д.Турдугулова.

«Жалбырак ТВ — Сентябрь»

Жалган «Жалбырак ТВ». ФЕЙК баракча

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.