ВИДЕО: “Арноо концерти” Атамбаевдин туулган күнүндөгү куттуктоону кабыл албай коюптур…

ВИДЕО: “Арноо концерти” Атамбаевдин туулган күнүндөгү куттуктоону кабыл албай коюптур…

КТРКнын  “Арноо концерти” Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата куттуктоону кабыл албай койгону тууралуу КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, алар, партиялаштары 17-сентябрда төрөлгөн Алмазбек Атамбаевге, туулган күнүндө, өзүнүн “Кыргызстаным” аттуу ыры менен “Арноо концерти” аркылуу беш мүнөттүк музыкалык маанай тартуулагылары келген. Мындай мамилеге кабатырланган Темирлан Султанбеков: “Кечээ эле биринчилерден болуп, «Шеф, туулган күнүңүз кут болсун! Мен үчүн Кудайдан кийин Сизсиз«,-деп кошомат кылып  чалып,  куттуктагандар, бүгүн минтип акчага да чыгарбай жатышат”,-деп жазды.

Кечээ эле хит болгон ыр бүгүн «түт» болдубу?

Дегенибиз, чынында эле сөзү, обону Алмазбек Атамбаевге таандык “Кыргызстаным” аттуу ыр ал президент болуп турганда, бардык телерадиодон жаңырган. «Жылдын мыкты ыры. Хит болду»,- деп мактагандар да болгон. Экс-президенттин ырын өзүнүн аткаруусунда төмөндөгү  ВИДЕОдон көрүп, уксаңыз болот.

Эскерте кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев 17-сентябрда 63 жашка чыгат. Бу жолку туулган күнүн абактан тосот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.