Мурда “чимкирикке”, бүгүн “кой” дегенге арданган депутат (ВИДЕО)

Мурда “чимкирикке”, бүгүн “кой” дегенге арданган депутат (ВИДЕО)

Депутат Кожобек Рыспаев мындай пикирин бүгүнкү сессияда айтты. Ал депутаттарды кой деп атагандарды таап, жазалоону талап кылды. “Кой” деп айтканга ызаланган депутаттын айткандарын төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Кожобек РЫСПАЕВ: «Биз элитабыз»

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти көп жолу «чимкирик» деп атаган. Ошондон кийин, депутат К.Рыспаев парламентте «биз элитабыз»,-деп айткан. Аны төмөндөн көрүңүз!

Алмазбек АКМАТАЛИЕВ: “Койлорду ким шайлады?”

Депутаттын бүгүнкү сөзү кайрадан күлкүгө айланып. социалдык тармактагылардын сынына кабылды. Өтө эле аша чаап депутатты шылдындап, келекелеп жаткандарга Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев агайыбыз ойлонууга «жем» таштады.

«Фейсбуктагы» баракчасына: “Депутаттарды го койлор деппиз! Мейли дейли.., алар таарынабы, жокпу, туурабы, туура эмеспи, ал башка кеп! “Эми, ал койлор, анда, шайланып келип жатпайбы! Аларды биз шайлап жаткан жокпузбу? Койлорду депутат кылып шайлап, аларды багып, алар чыгарган мыйзамдар менен жашап жүргөн, анда биз кимбиз?”,- деген суроого жооп бербейлиби?
Жооп кичине чатагыраак болуп калат го, кыязы… “Ошол үчүн “чимкирик”, “мал”, “кой”, “эчки” деп аларга ат коердун алдында, алар кайдан келишти? Аларды ким шайлады?”,- деген суроо да бар экенин унутпайлы! Ошол койлордун атасы да, энеси да биз экенибизди унутпайлы...»,-дейт агай А.Акматалиев. Ойлонуп көрбөйлүбү?..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.