Эки баланы аеосуз сабаган бир туугандар камерадагылары менен мушташып, № 47 абакка которулду

Эки баланы аеосуз сабаган бир туугандар камерадагылары менен мушташып, № 47 абакка которулду

Бишкектеги эки жаранды аеосуз сабап, тепкилеген бир туугандар: Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1деги камерадагылар менен мушташканы тууралуу бүгүн, 19-сентябрда маалым болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

ЖАМКнын маалыматына караганда, мушташ 19-сентябрга караган түнү болгон. Бир туугандарды эртең менен текшертүү үчүн Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып барышкан. Алар олуттуу жаракат алган эмес. Ага-ини №47 түзөтүү абагына которулган. Учурда мушташтын себеби аныкталууда.

Эскерте кетсек, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки баланы аеосуз сабап, тепкилеген видео сентябрда социалдык тармакка тараган. Окуя болгон жерге эки зөөкүрдүн милиция агасы Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Казыбек Бапышов барып, аларды алып кеткен. Коомчулуктун катуу сынынан кийин, ИИМ министри К.Жунушалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. Ошондон кийин гана иш жыла баштаган. Тагырагы, 4-сентябрда милициянын майору К.Бапышов (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган. 6-сентябрда таң эрте изделип жаткан Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү барып, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камоого чечим чыккан. Алар СИЗО-1ге эки айга камалган. 10-сентябрда алардын бир тууган милиция агасы Казыбек Бапышов да кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.