Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Чек ара маселесин депутаттар үйлөрүнө бекинип алып өткөрүшсө деле эл кызыкпай калды”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Чек ара маселесин депутаттар үйлөрүнө бекинип алып өткөрүшсө деле эл кызыкпай калды”

Экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевич менен кыргыз-тажик чек ара маселеси, бул маселени бүгүн жабык эшик артында караган парламент жөнүндө жана кайрадан коомчулуктун көңүл борборунда калган Адахан Мадумаров тууралуу маек курдук.

— Каныбек Осмоналиевич, Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн эл күтүп жаткан өкмөттүн чек ара боюнча маалыматын жабык эшик артында угушту. Тилекке каршы, жыйынтык да чыгарышкан жок. Эч кандай чечим кабыл алынбай турганын депутат Бакыт Төрөбаев журналисттерге ачык эле айтты. Жабык эшик артында каралган көйгөйлүү маселеге өкмөттүн бардык мүчөлөрү жана күч органдарынын өкүлдөрү катышты эле, ачык эле өткөрүлсө болот беле? Экс-депутат катары айтыңызчы, жабык эшик артында өтүүнүн себеби эмнеде?

— Азыркы парламенттин кадыр-баркы эчак эле нөлгө түшкөн. Алардын чечимдерин эч ким тоготпойт, тилекке каршы. Ошондуктан алар мындай маселени жабык эшик артында эмес, үйлөрүнө бекинип алып өткөрүшсө деле эл кызыкпай калды. Бийлик билген чечимдерин кабыл алдырып алышат. ММК каражаттары кыргыз-тажик чек ара маселелеринин эч кандай сырын калтырбай эле ачык ашкерелеп салышпадыбы? Анын эмнесин жашырышат? Балким, биздикилер тарап кезектеги мажирөөлүк же саткындык чечимге барышкандыр? Ошону жашырыш үчүн болгон аракеттердир!? Башка себеби жок!

— Эки өлкөнүн президенттери жолугуп, сүйлөшкөндө “чек ара маселеси чечилди, эми октун үнүн укпайбыз го” деп эл сүйүнгөн эле. Дагы бир балабыз окко учуп, калк күйүнүп отурат… Бул маселенин оңой-олтоң чечилчү жолу барбы? Эгер болсо, бийлик кандай кадамга баруусу керек?

— Бул маселе оңой эле чечилет. Ал үчүн биздин бийлик кайсактап жалдырабай, калп эле ойду-тоону сүйлөбөй чечкиндүү талаптарды тажик бийлигине катуу коюп туруп алса болот. Биздин аларды чөгөлөтүп коё турган айла-амалдарыбыз толтура. Анын баарын жаш баладан карыган ата-энелерге чейин эле ачык айтып жүрүшпөйбү? Өкмөт эле таппай, карайлап калды го? Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттары, окуя болоордон эки күн мурда эле кан-какшап айтып чыгышпадыбы беле? Аларды эмне кылышты? Тиешелүү органдар суракка ала беришип, тым-тыракайын чыгарышты! Баягы «оолуккан бийликчи өз айылын чабат» болду. Анын баарын тажиктер көрүп турушпадыбы! Анан кутурушат, да! Натыйжада, бизден бир жоокер каза болду! Атиң гана дейсиң! Эл бекеринен айтпайт да: «Биздин бийлик контрабандалык товарларды, уурдалган күйүүчү-майлоочу каражаттарды Тажикстанга өткөрүүнү токтотсо эле, алар мүңкүрөп туруп беришет!», — деп. Эмнеге бул сөздөргө Өкмөт көңүл бурбайт? Калк эч качан калп айтпайт! Демек, контрабандисттерди калкалаган чоңдор дагы бар экен, да? Же болбосо кээ бирлери ошол кылмыштуу топту өзүлөрү башкарып жүрүшкөндүр. Андай болсо, эртеби, кечпи эл аларды таап, катуу жазалап коё турган күн дагы келип калды! Айтор, кеселдин баары биздин өзүбүздүн бүгүнкү күндөгү бийлик төбөлдөрүндө эле болуп турат!

— “Бакиевдин мезгилинде Жака-Өрүккө чейинки 275 метр жерди ижарага алуу боюнча Мадумаров тиешелүү протоколго кол коюп салбаса, чек ара маселе чыкпайт болчу. Ошол документке кол коюлгандан баштап үйлөр түптөлө баштаган. Негизи ал бош турган жер кыргыздардыкы болчу”,-деп Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев айтпадыбы. Ошентип айткан Айбалаевди Мадумаров дебатка чакырды. Ал эмне болгон протокол экенин экс-депутат катары билесиз да. Айтыңызчы Адахан Мадумаровдо айып барбы?  

— Мадумаров Адаханды биринчи кезекте, карапайым эл жакшы билет. Ал 1995- жылы 30 жашында чоң саясатка топ жарып кирип келген чыгаан уулдарыбыздын бири. Жогорку Кеңештин I чакырылышына мажоритардык система менен депутаттык мандатты утуп келген жигит. Андан кийинки чакырылыштарда дагы бир нече жолу депутат болду. Пропорционалдык система башталганда гана партиясынын жолун жасалма чаралар менен бөгөттөп келишет. Бул эми убактылуу эле көрүнүш го? Мен бул инсан менен 2005-жылдан бери таанышмын десем болот. Абдан принципиалдуу, билимдүү жан. Өтө курч жана таза иштейт. Эгерде, Адахан мырзанын артында кыпындай эле күнөө болгондо мурдагы куу бийликтегилер эчак эле эсебин таап коюшмак! Адахан Мадумаров чек ара боюнча калыс жана курч пикирлерин ар дайым ачуу чындык кылып айтып келет. Анын колдоп алуубуз абзел. Анткени, анын чучукка тийгизип айткандарынын фактылары бар! Бийлик эле арданып жатпайбы?

Эми чек ара протоколуна келсек, ал сунуш ирээтинде кабыл алынган, эки тараптык ниеттерди билдирген эле документ. Анын расмий статусун парламент аныктап, мыйзам макамын берет. Менимче, бул протокол кээ бир аргасы түгөнгөн саясатчылар үчүн жөн эле шылтоо болуп жатат. Бул жакшы жөрөлгө эмес. Тескерисинче, сынды туура кабыл алып, кайта Адаханга окшогон инсандарды иштетип, чоң жоопкерчиликтерди башына илсе жакшы болбойт беле. Кадрларды кордоп тебелеген Атамбаев эмне болду? Ошол иштерман патриот жана билимдүү кадрлардын эле убалы тийбедиби, ага ! Мына эми түрмөдө отурат. «Акылга келгиле, жаатташбагыла. Мамлекетти башкарыш оңой эмес!»- деп айтам, мен!

“Атамбаевге билимдүү кадрлардын эле убалы тийбедиби”,- десеңиз, Атамбаевдин эң ишеничтүү кадры, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев эске түштү. Ал бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйына катышып, экс-президентке моралдык колдоо көрсөткөнүн, мал союп бергенин моюндады. Сегизбаев боюнча кандай ойдосуз?

— Абдил Сегизбаев — жаңы кыргыз саясатынын тарыхындагы «уникалдуу феномен». Аскар Акаевдин эң жакын кишиси болуп, пресс-катчысынын кызматын аркалаган. Атамбаевдин эң жакын адамы болуп, атайын кызматтын жетекчилигине чейин жетти. Эгерде, Акаев менен Атамбаевдин элдешкис душмандар экендигин эске алсак, анда, экөөнө тең жагып чоң карьердик кызматка ээ болгон адам жөнүндө эмне айтсак болот? Уникум! Мен мындай кубулушту дүйнөлүк мисалдардан дагы келтире албайм. Бирок, ошондой талант менен карапайым элге кандай ак кызмат кылды экен? Айта албайм.

Атамбаевдин ушундай кадрларынын айынан чек ара маселеси чечилген жок да. Кечээ Мадумаров пресс-конференция берди, аягына чейин угуп, көрсөңүз керек. Журналисттер менен конфликт болуп кетпедиби. Ал жыйын азыркыга чейин социалдык тармактарда сөз болууда: бири журналисттерге болушса, экинчиси Мадумаровго болушууда. Сиздин оюңузча, ката кимисинен кетти: журналисттенби же Мадумаровдонбу?

— Кечээги пресс-конференциясын кунт коюп көрдүм, уктум. Ой жүгүрттүм. Кээ бир журналисттер менен талаш-тартыш болду. Менин оюмча, уюштуруучулар бир ката кетиришиптир. Андай чуулгандуу тема каралган жыйынды күчтүү модератор алып барыш керек. Ал киши катышып жаткан журналисттерге кезек-кезеги менен суроо бердирип, баарына тегиз мамиле кылдыруу керек эле. Байкуш Адахан мырзаны эки кыз, эки уулубуз эле «тепкилеп» жатып калышпадыбы!? Атайылап уюшулган акция экендиги айдан ачык эле көрүнүп турду. Адахан Кимсанбаевич чыдап бардык суроолоруна так эле жоопторду узатып жатты го? Жаш эле балдарыбыз экен. Бекер алданышып, кээ бир азуулуу сасясатчылардын эле айдакчылары болушуп алышкандай. Мындай жетеленүү келечекке жакшы жол ачпайт дээр элем. Маданияттуу болуңуздар, айланайындар! Бул менин аксакалдык баам.

— Мейли журналисттер жаш экен дейли. Саясатка дасыгып калган Мадумаров да маданияттуу болсо болмок. Ал журналисттердин суроосуна жөн жооп бербей, кагып-силкип жатпадыбы…

— Кээ бир жооптору эмоциялар менен айтылыптыр. Бирок, тиги эргулдарды анын жооптору кызыктырган деле жок. Уламдан-улам эле суроолорду бир беткей кайталап жатышты. Сырттан карап турган адамга өтө эле «куник» көрүнөт экен. Сөзүмдүн акырында жаш журналисттерге кайрылат элем. Сиздердин кесипкөйлүк сапатыңар азыр өтө баалуу, айланайындар. Көп изденгиле, терең билим алгыла. Маданияттуу болгула. Саясат оюнчук эмес. Өзүңөр бирөөлөрдүн куурчагы болуп калбаңыздар!

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.