Путин шамандан корктубу?

Путин шамандан корктубу?

“Путинди бийликтен алып түшөм” деп Кремлди көздөй жөө бараткан 51 жаштагы Якутиялык шаман Александр Габышевди түндө Орусиянын Бурятия Республикасында түндө камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып чыгышты. Алардын жазганына таянсак, Иркутск облусундагы Выдрино айылында шамандын алачыгына беттерин чүмбөттөгөн бир топ адамдар келип, Габышевди күч менен алып кетишкен. Учурда анын кайда экени белгисиз, аны Улан-Удэге алып кетишкен болушу ыктымал деген маалыматтар чыгууда. Жергиликтүү полиция бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

Шамандын Кремлди көздөй жөө-жалаң келатканына сегиз ай болуп калган. “Путин шамандан корктубу?” деген гана суроо туулат…

Александр Габышев жөнүндө билгиңиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басып окуп, видеону көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.