Актриса Анастасия Заворотнюк мээсиндеги шишикти алдырат

Актриса Анастасия Заворотнюк мээсиндеги шишикти алдырат

«Моя прекрасная няня» телесериялынан таанылган белгилүү актриса Анастасия Заворотнюк рак оорусу менен ооруп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканын Орусиянын ММКлары жазып эле келатат. Бүгүн “Комсомольская правда” анын мээсиндеги шишикти алып салуу үчүн операцияга даярдыктар көрүлүп жатканы тууралуу жазды. Алардын маалыматына караганда, актриса оор комадан чыгып, өз алдынча дем алып калган, ошого байланыштуу аны дарыгерлер реанимациядан палатага которгон. Буга чейин Заворотнюк  жасалма дем алдыруучу аппаратында жаткан эле.

А.Заворотнюк 48 жашта. Ал үч жолу турмуш курган, учурда үчүнчүсү менен жашап жатат. Эки кыз, бир уулу бар.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.