ВИДЕО: Наристе кызын урган милиция жоопко тартылбай жатыптыр…

ВИДЕО: Наристе кызын урган милиция жоопко тартылбай жатыптыр…

Жүрөктү ооруткан наристенин чыркырап ыйлаган тасманы, мойну тытылган сүрөттөрүн кесиптешибиз, журналист, НТС телеканалынын түштүк аймагы боюнча өз кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева социалдык тармакка жайгаштырды.

Видео менен сүрөттүн алдында: “Өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматкери жоопко тартылбай жатат. Бул тууралуу наристенин апасы арызданууда. Милиция кызматкери Кара-Суу РИИБде иштеген. Ал прокуратурага ушул жылдын май айында арыз берген. Прокуратура ишти Кара-Суу РИИБге жөнөтүп койгон.Карга карганын көзүн чокубайт болуп жатабы?!”,-деп жазылган.

Наристенин чыркырап ыйлаганын, атасынын кыйкырганын, «коюң» деп камырабай отурган энени төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Урматтуу туугандар! Баарыбызда бала бар. Жардамыңыздар ушул болсун. Бөлүшүп коюңуздар, элдин баары билсин мындай ата сөрөйдү… Наристенин чыркырап ыйлап жатканын тартып жаткан адам да, “урбаң” деп камырабай отурган эне да жоопко тартылсын! Туурабы?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.