Жамал СЕЙДАКМАТОВА: “Сахнадан кетпейм деп айта албайм, бирок, эмгектен качпайм»

Жамал СЕЙДАКМАТОВА: “Сахнадан кетпейм деп айта албайм, бирок, эмгектен качпайм»

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-сентябрда медициналык кызматкерлер, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш, аскер кызматкерлери, чет элдик жарандарга сыйлык тапшырды. Алардын арасында “Туңгуч” жаштар драма театрынын кɵркɵм жетекчиси, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Жакында эле, сентябрдын сегизинде эжебиздин 80 жылдык мааракеси Ысык-Көлдө өзү туулуп-өскөн Темир айылында белгиленген. Эжебиздин сыйлыгын куттуктоо менен бирге маек курдук.

 -Эже, сыйлыгыңыз кут болсун. Сыйлык сиздики, сыймык биздики. Эми сахнадан кетип, эс аласызбы?

-Рахмат, айланайын. Кубанычым койнума батпай, канатым болсо учкум  келип делөөрүп турам. Президенттин сыйлыгына, наамымды куттуктап, сыймыктанып жаткан кыргыз элиме ыраазымын, башымды ийип, таазим кылам. Элим жупуну эмгегимди баалап, атымды алайга,  даңкымды далайга чыгарды. Дагы эле иштей берем. Сахнадан кетпейм деп айта албайм, бирок, али кайрат-күчүм барда эмгектен качпайм. Эми  мен Каныкейди, Катаринаны, Дездемонаны, Таңга бийкени ойнобойм, өзүмдүн студиямдан жаштарды өнөр секичесине даярдайм, машыктырам, окутам.

— 80-күздү тосуп жатасыз. Тагдырыңызга ыраазысызбы?

-Тагдырыма ыраазымын. Жаштыкты, учкул мезгилди токтотчу күч жок тура. Мына, 80дин туу чокусуна чыгып, туулган айылымда, ага-туугандарым менен кутман курагымды белгиледим. «Балыр болуп түбүңө, Жаткым келет Ысык-Көл» деп ырдаган балалыгымдын издери дале көз алдымда. Артист болом дегенде ак эткенден так этип жүрүп жеткен, эңсеген бакыт жылдызымдын жарыгын өчүрбөөгө 60 жылдан ашуун эмгегимди жумшадым. Эс алуу дегенди билген жокмун, Кудай мага өмүр, күч-кубат, бакубат жашоо, бактылуу карылык берсе дале өнөр деген өжөр нерсе менен күрөшө берем. Секелек кезимден өнөр адамдарын ээрчип, ырчы, артист болом деген максатымдын өтөлгөсүн көрүп, элге таанылдым. Жандүйнөмө, табиятыма, кулк-мүнөзүмө, ой өрүшүмө туура келген көөнө чыгармалардагы каармандардын бейнелерин жараттым. Ыйык сахнанын, театр өнөрүнүн касиетин жан отум менен кабыл алып, Каныкейдин, Дездемонанын, Катаринанын, Курманжан датканын ж.б. каармандардын бейнелерин түздүм. Мен ал каармандарымдын ролун ойногон жокмун, алар менен жашадым. Алар күлсө күлдүм, ыйласа ыйладым.

ХХ кылымдын Гомери Саякбай Каралаевдин Манасын уктум, Залкар комузчу Карамолдо атамдын алдына олтуруп, күүлөрүнө термелгем. Табият мага талант, өнөр деген улуу шыбаганы берди, ийгиликтеримдин 99 пайызы талыкпаган, изденип түйшүк тарткан тер төккөн мээнетимдин аркасынан келди. Чыгармачылыктын чыныгы ээси катары ата-бабаларым көрбөгөн дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болдум. Мен бактылуумун.

-Кандай максат менен өмүр сүрдүңүз?

-Чириген бай  болоюн деген жокмун, Кудайым мени сый-урматтан кур калтырбасын, жатып ичээр жалкоолукка жакындатпасын, элимдин алкышын алайын, ак эмгегимден баар табайын, мына ушундай илгери үмүт, максат менен өмүр сүрдүм.

Жамал эжебиздин 80 жылдык торколуу тоюна барып, куттуктап, жылуу сөздөрүн айткан Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев менен Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин айтканы таянсак, 23-сентябрдан 28-сентябрга чейин ордолуу Ош шаарында «Арт-Ордо»  VII эл аралык театр фестивалы болот. Ал Жамал Сейдакматованын 80 жылдык кутман курагынын урматына арналат.  

Сейдакматова Жамал эже менен мен тээ, 80-жылдардан бери чыгармачылык байланыштамын, эже-сиңдидей мамилебиз бар. 

“Ысык-Көл правдасы” (“Ысык-Көл кабарлары”) гезитинде жаңыдан кабарчы болуп иштей баштаганымда, Жамал эженин чыгармачылыгы тууралуу алгач макала жазган элем. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт учкан куштай учуп кетиптир. Жогоруда Жамал эжем айткандай, жаштыкты, учкул мезгилди токтотчу күч жок тура!

СҮРӨТТӨ: Биз сыймыктанган эжелерибиз: Жамал Сейдакматова менен Шейшекан Жаналиева. Жаш кездеги жана учурдагы сүрөттөрү.

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.