Мухамметкалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Эне тил – бул ыйык, энедей эле кымбат”

Мухамметкалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Эне тил – бул ыйык, энедей эле кымбат”

 Бүгүн, 21-сентябрда, Кыргызпатент Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын урматына арналган ишембилик өткөрдү.  Алар “Ынтымак” сейил багында  “Мамлекеттик тил үчүн чуркоого мезгил жетти!” аттуу спорттук иш-чара уюштурду.

Аталган иш-чарага премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев үй-бүлѳсү менен келип, бак отургузду. Андан соң мамлекеттик тил боюнча кайрылуу жасады. “Эне тил – бул ыйык түшүнүк, ал ар бир адамга эне сүтү менен сиңип, энедей эле кымбат. Бүгүнкү күндө өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жетүү үчүн жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик тилден сырткары дагы башка тилдерди билүүсү зарыл. Анткени дүйнөнүн өнүгүү тенденцияларынан биз артта калбашыбыз керек! Ошону менен бирге, өз эне тилибизди кастарлап, унутпай ала жүрүүбүз зарыл. Себеби кыргыз тили дүйнөдөгү башка мамлекеттик тилдердей эле көз карандысыз, өз алдынча тилдин статусун мындан 30 жыл мурда алган. Ар бир жаран мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Бүткүл дүйнөгө белгилүү өлкө болуш үчүн мамлекеттик тилибиздин статусун жогорулатуу керек”, — деди премьер-министр.

Уюшулган иш-чарада жѳѳ жарыш (чуркоо-марафон), элдик ырлар жана  улуттук оюндар (кап секирмей, аркан тартмай) боюнча сынактар болду. Сынакка Кыргызпатенттин кызматкерлери катышып, элдин купулуна толду.

Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүгѳ жана тил саясатын ѳркүндѳтүүгѳ кошкон зор салымы үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен  сыйланды. Ошондой эле Кыргызпатанттен бир топ кызматкерлери да сыйлыктарга ээ болушту. Сыйлыктарды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев өзү тапшырды.

Кысымда калган кыргыз тили

Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына эки күндөн кийин 30 жыл болот. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Коңшу мамлекет Казакстандан мамлекеттик тил макамын озунуп алдык, бирок, алардан артта калдык. Бул ачуу чындык. Бизде дагы деле эне тилибиз өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, пресс-конференция, пресс-релиздер орус тилинде. Мамлекет башчыбыз баш болуп, мекемелердин жетекчилери төш болуп даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп, катуу сүйлөйбүз. Бирок, иш жүзүндө жок. Кайран гана кысымда калган кыргыз тили!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.