Элзада БЕЛЕКОВА, жабырлануучунун эжеси: “Инимдин бетине алты саат операция жасалды”

Элзада БЕЛЕКОВА, жабырлануучунун эжеси: “Инимдин бетине алты саат операция жасалды”

Эсиңиздерде болсо керек, 28-августта, Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн жанынан Калысбек Сейитбеков менен Жаныбек Бапышов эки баланы тепкилеген. Сабалган балдар оор абалда ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бүгүн, жабырлануучулардын бири — Уланбек Белековдун бетине операция жасалды. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси Элзада Белекова билдирди.

Элиза айым, операция канча саат болду? Учурда иниңиздин абалы кандай?

-Инимдин бетине операция Улуттук госпиталдын бет, жаак бөлүмүндө жасалды. Аны тажрыйбалуу хирург Эрслан Кеңешбекович жасады. Операция алты саат болуп, ийгиликтүү өттү. Иним эртең мененки саат 9:30да операцияга кирип, түштөн кийин, саат 15:30да чыкты. Реанимацияда, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурдан пайдаланып, ак халатчандарга үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем. Абдан жакшы карашууда. Иним эртерээк жакшы болуп кетсин деп ден соолугун Кудайдан тилеп жатабыз. (Оор үшкүрүп) Эки студент карындашын багып жаткан иним минтип өзү багылып калды. Алмак-салмак карап жатабыз. Баарыбыз жумуштан калдык. Бир бутубуз ооруканада, бир бутубуз милицияда… Тиешелүү органдарга барып, сабаган балдарга кандай чара көрүлүп жатканы тууралуу да билип турушубуз керек. Алар сөзсүз, мыйзам чегинде жоопко тартылып, өз жазасын алышы керек! Милиция агасы да камакта деп уктук. Анын жубайы ИИМде иштеп жатат деп угуп жатабыз. Ал дагы кызматтан кетпесе, алдыда боло турган сотто анын кандайдыр бир жардамы жолдошуна, кайнилерине тийип калышы ыктымал.

— Сабаган балдардын ата-энеси, туугандары ооруканага келип, иниңиздин акыбалын сурап жатышабы?

— Сабаган балдардын ата-энеси тээ башында бир келишкен. Анда да кечирим сурабай туруп, окуянын чоо-жайын сурашкан. “Аны видеодон көрүп алыңыздар”,-деп тасманы колдоруна карматкам. Ошол бойдон атасы келген жок, сыягы уялып калды окшойт. Ал эми апасы келип жүрдү. Бир нерсе алып келип, үн-сөзү жок отуруп кетип жатты. Алып келгенин албайбыз десек дагы, унчукпай таштап кетип атты. Көптөн бери келбей калган. Бүгүн келгенде операция жасалып жатканын айттык.

Видео сиздин колуңузга түштү беле?

-Ооба, биринчи мен барып алгам. Ал жердегилер да бербей жатып, араң беришкен. Колума алаарым менен, 5 мүнөттөн кийин эле органдагы балдар видеону сурап келишти. Кудай жалгап, мен биринчи алып калдым. Эгер алар видеону алып кетсе, бул окуянын аягы жабык боюнча калмак экен. Жабык боюнча калганда, балдардын абалы кандай болот эле, ким билет?! Дагы балдарыбыздын багы бар экен, видео колубузга тийип калды. Бул балдардан жабыркагандар да бизге чалып: “багыңар бар экен. Бизде видео жок болгондуктан, аларга чара көрө албай калганбыз. Көрсө, аларга милиция байкеси менен жеңеси “крыша” болуп жүргөн турбайбы. Таба эмес, тобо, акыры кармалышты. Эми аларды соттоткула”,-деп атышат. Көрсө, бул балдар мурда эле ар кимди сабап жүрүшүптүр. Таянган кишиси бар болгондуктан, ошончо тепкилеп жатат да. Атүгүл тез жардамга да тоскоол болушканын баарыбыз көрдүк. Дегеле видеону кайра-кайра көрүп, жүрөгүм ооруп, ыйладым, «ушундай да мыкаачы балдар болот экен»,-деп жакамды кармадым. Алдыда сот, соттор да ушул видеону көрүп, соо балдардын ден соолугуна зыян келтирген ээнбаш балдарга калыс чечим чыгараар! Адвокат жалдадык. Биз дагы алдыдагы сотко даярданып жатабыз.

-Алгач милицияга арыз менен кайрылганыңызда алардын мамилеси кандай болду эле?

— Өтө жаман мамиле кылышкан. “Билген жериңе барып ал”,-дешкен. “Телевидение чакырам”,-десем, ал: “Бишкекте 180 телевидение бар, баарын чакыр, баары бир колуңардан эч нерсе келбейт!”,-деп салган. Эмне кылаарымды билбей, видеону социалдык тармактарга чыгардым. Аны көргөн журналисттер, эл колдоп кетти. Сиздердин. элдин колдоосу менен кейиштүү окуя премьер-министрге чейин жетип, ал ИИМ министрине жана врачтарга тапшырма берди эле го. Албетте, рахмат айтабыз. Жогору жактагылар өз көзөмөлүнө алгандан кийин гана иш жыла баштады. Президентке да кат жазганбыз. Бул окуядагы милициялардын кылган иши башка милицияларга сабак болушу керек. Алар нак жабыркагандарды кордобой, колдошу абзел! Өз кызматын татыктуу өтөшү зарыл!

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.