Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: “Бир адамдын катачылыгы үчүн кыргыз-казак акынынын мамилеси бузулбашы керек!”

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: “Бир адамдын катачылыгы үчүн кыргыз-казак акынынын мамилеси бузулбашы керек!”

18-19-сентябрда, Казакстандын Сары-Аркасында эларалык айтыш болуп, ага Кыргызстандан жалгыз Жеңишбек Жумакадыр барган. Андагы калыстар тобу биздин сыймыктанган төкмө акыныбызды финалга чыгарганы менен татыктуу орунга илишкен эмес. Колуна 300 миң теңге гана берип коюшкан. Аны да Эрман Жүсүр аттуу адам жөн бербей, “бул Кыргызстан үчүн чоң акча  гой”,-деп бериптир. Аны уккан ЖК депутаты Садык Шер ой-пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Алгач аны окуп, анан Жеңиш мырзанын маегине көңүл буруңуздар!

Садык ШЕР: “Болгону ушул Эрман Жүрсүндүн жүрөгү агарбады”

ЖК депутаты Садык Шердин жазганын эч өзгөртүүсүз беребиз. Ал төмөндө:

Жеңишбек акынга жолугуп калдым, бир тойдон. Жадырап-жайнап учурашып жаткан. “Казакстанга барыпсың, эмне болду?”-деп сурасам, жүзүн сур булут аралап кеткендей болду. “Жарым финалга да чыгарышкан жок”,- дейт. Кашайтканы: Эрман Жүрсүн байгесин берип жатып, “300.000 тенге, бул кыргыздар үчүн чоң акча”,- деп сүйлөдү”,- дейт. Мен да кашайып кеттим. Таластыктарча сөгүнүп да алдым окшойт. Эсимде, 2003-жылы Астанада да бир сөгүндүм эле, бир чоң айтышта. Ошондо да Элмирбек менен казактын бир акыны финалга чыгып, анда да Эрман Жүрсүн, калыстарга кайрылып: «Эми бул жерде казак кыйынбы, же кыргыз кыйынбы?”,- деген сөз гой» деп алдын ала калыстарга эскертүү жасаган жери бар. Ошондо бир айтаарым бар эле, айта алган эмесмин. Жаш элем, “акындарыбызды өстүрүп алалы, али айтышаарбыз”,- деди элем. Анын үстүнө, Мырзатай Жолдасбеков, Абиш Кекилбаев сыяктуу аксакалдарды сыйлагам. Оң колумду кармап, “ачууга алдырба айналайын”,- деп олтурган Онгарсынова эжемди кыя алган эмесмин. Чыр салбай кетейин, мейли 1-орунга макул бололу деп.

“Эки элдин ынтымагын ойлойлу, бийик бололу!”,- деп жүрөбүз. Кудайга шүгүр, Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов агаларымды көргөндө чер жазышып сүйлөшүп калам. Асанали Ашымов, Нуржуман Ихтымбаев байкелерибизди көргөндө бири-бирибизди кучактап жатып араң бөлүнөбүз. Сатыбалды Нарымбетов агайымды көргөндө “бир боорум” деп жумалап бир жүрүп калабыз. Эрмек Турсунов, Канат Торебай, Дарежан Омербаев, деги койчу, жүрдөгөн кыргызга ак жүрөгү менен күйгөн улуу казак инсандары менен ымалалаш досмун. Болгону ушул Эрман Жүрсүндүн жүрөгү агарбады. Тапкан сөзүн карасаң: «300.000 тенге, бул кыргыздарга чоң акча гой»,- деп. Кеп ошол акчада бекен? Кеп акындын көңүлүндө го. Кеп абийир менен ар-намыста экенин ушунча жылдары түшүнбөгөндөн кийин, мындан кийин деле түшүнбөй калдыңыз го деп ойлойм. Акындар эки элди бириктирип, эң алды ынтымак деген улуу ойду алып жүрүш керек деген вазийпасын бир ууч тыйын бергенине менменсинип, ылайга оонатып, жарыктык киши бул жолу да бүтүн нерсени жарып берипсиз. Мындан кийин да оңолбойт окшойсуз, ошон үчүн жазып жатам. “Эгемендүү тарыхыбызда эки бир тууган элди бөлүп-жарып жүргөн инсандар ким болгон?”,- десе, мен тайманбай биринчи катарга сизди кошот элем. Эгер берген тыйыныңыз көп болуп көрүнсө, анда счетуңузду салып жиберсеңиз болот. “Айтыш” фондунан которуп коем эки эсе кылып, бүтпөгөн тешигиңиз болсо жаап алыңыз. Тек гана кыргыздын ар- намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөңүз болгону.
Сиз ушул махинацияларыңыз менен казак акындарын деле омогун ойрон кылып аласыз го деп болжодум.
Учурдан пайдаланып, кыргыз акындарына кайрылаар элем, эгерде ушул каада- салтты, кадыр-баркты, дөөлөттү сыйлап кадырлабаган Эрман Жүрсүн чакырса, барбай эле койгулачы, алтындарым. Баары бир ал киши силердин кадырыңарга жетпейт, өзүбүздүн акыйкат, адил, калыс айтышыбызды өткөзүп эле эки бир тууган элдин ынтымагын чыңалта берели.

Бул жакка келген казак акындары Жеңишбектин алдында өздөрүн ыңгайсыз сезиптир…

-Жеңиш, 18-19-сентябрда, Казакстандын Сары-Аркасында өткөн айтышка сени ким чакырды эле?

-Ал чоң айтышка Аманжол деген акын чакырган. Аны менен жакшы мамиледемин. Ал мени эки ай мурун эле чакырып, “келиңиз” деп суранган. Ошон үчүн, намыс үчүн бардым. Финалга чыктым. Айтыш бүткөн соң, байге тапшырууда мени биринчи чакырды оруну жок эле, 300 миң теңге беришти.

-Орун бербей койгондоруна таарынып калган жоксуңбу?

-Эмнеге таарынмак элем? Эң негизгиси эки элдин ынтымагы ыдырабасын.

-Казактар эми дагы айтышка чакырса барасыңбы же?..

-Казактар чакырса, ал жерге барып, акындар менен айтыша беребиз. Алар бизге келе берет. Илгертен бери айтышып жүргөн эки эл да. Эрман Жүрсүндүн кыргыздарга ичи чыкпайт экен. Мурда да бир айтышта Азамат Болгонбаев барып, келгенден кийин: “Мен укпай калыпмын, миң доллар кыргыздарга чоң акча гой” дегенин” деп, бир курдай айтты эле. Мага да ошентип айтты. Колумда микрофон жок болчу, кулагына: “Бул акча кыргыздар үчүн болбогон акча”,- деп шыбырадым. Мени карап эле калды. Анан ошону Сакеге жолукканда айтып койгом, пост кылып жазган турбайбы.

— Садык Шер жүрөгүнө катуу кабыл алыптыр. А сенчи, кандай кабыл алдың?

— Эми ал бир адамдын катасы да. Ал үчүн жалпы казак элин жаман көрбөш керек. Себеби, кыргыздын пейилин, сыйын көрүп, биз жакка келип кеткен акындары менин алдымда өздөрүн ыңгайсыз сезди, “Жок дегенде 3-орунга чыгарып койсо болмок. Эчтеке эмес, дагы айтыш уюштурабыз. Өзүбүз демөөрчү табабыз, кыргыз акындарын чакырабыз”,-деп, болгон сыйын көрсөтүштү. Албетте, чакырышса барабыз. Ылайым ынтымагыбыз бузулбасын!”. Өз ара сүйлөшкөндө алар калыстар тобуна: “татыктуу, сыйлуу орунду бергиле!”,-деп айтышыптыр. Калыстар тобу башкача чечим чыгарышты да. Ал айтышта алардын ар биринин өзүнүн акындары бар экен, аларды сүрөп отуруп алдыга чыгарышты. Негизи казак элине, кыргыз элине жаман сөз тийбеши керек деп ойлойм. Бир адамдын айынан катуу комментарийлер жазылып жатат, муну мен туура эмес деп ойлойм. Себебин жогоруда айттым го. Дагы бир жолу кайталайм, ал бир адамдын катасы. Ал үчүн биз, эки өлкөнүн жарандары, акындары жаман-жакшы айтышпашыбыз керек!

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.