Алмазбек менен Сооронбайдын там тоюнда боз үй тигилип, манас айтылып, обон созулду…

Алмазбек менен Сооронбайдын там тоюнда боз үй тигилип, манас айтылып, обон созулду…

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектеги “Көк Жар” жаңы конушунда «Кыргыздын саны көбөйсүн, ар бир үйдө төрт эм төрөлсүн» аттуу иш-чара өттү. Ага көрүнүктүү саясатчылар, белгилүү манасчылар, ырчылар, ак элечекчен апалар барып, төрт эмдерге батасын беришти. Төрт эмдүү болгон үй-бүлө жаңы батирлүү болушту. Үйдүн ачкычын эмдердин аталарына «КЖ групп» компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов тапшырды.

Аталган иш-чара манас айтуу менен башталып, ыр менен жыйынтыкталды. Белгилүү ырчылар Гүлзат Байзакова, Юлия Руцкая барып, каалоо-тилектерин айтып, ырдады. Байзакова төрт эм менен сүрөткө түштү… Дегеле эмдер менен бардыгы эле сүрөткө түшүп жатты. Төрт жарымга чыгып калган төрт эмдин токтоно албай турган учуру экен. Бирин алып келсе, экинчиси качып, аны алып келгенче үчүнчүсү, төртүнчүсү чуркап кетип жатты… Алардын апасынын көйнөгүнүн учу менен бетин сүрүп, «төрт эмдүү бололу» деп ырымдаган келиндер да болду.

Төрт эмдерге төбөсү көрүнгөн адамдардын аты коюлган…

2015-жылы 9-апрелде Бишкекте төрөлгөн төрт эм Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде төрөлгөн. Ошондуктан аларга: Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек, Камчыбек аттуу ат коюлган. Эмдерге ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун жана Баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин аттары ыйгарылган.

Ал эми 2019-жылы төрөлгөн төрт эмге: Арууке, Акчолпон, Акбермет, Сооронбай аттуу ат коюлган. Уулуна президент Сооронбай Жээнбековдун ысымы берилген. Камчыбек Узакбаев келип сүйлөп, батасын берди. Төрт эмдер ушул адамдын көзөмөлүндө экен.

Уюштургандардын үйүндө да төрт эм төрөлсүн!

Аталган иш-чарада төрт эмдин ата-энеси ар кандай белектер, диплом менен сыйланышты.

Мындай иш-чараны белгилүү журналисттер, көрүнүктүү кесиптештерибиз Элнура Кулуева, Канышай Мамыркулова жана активист жаран Аманбол Бабакулов уюштурган. Уюштургандардын үйүндө да төрт эм төрөлүп, ымыркайдын үнү жаңырсын! Кыргыздын башы көбөйүп, саны өсө берсин!

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.