Балдарды сабаган бир туугандардын сабалган сүрөттөрү тарады

Балдарды сабаган бир туугандардын сабалган сүрөттөрү тарады

СИЗО-1ге эки айга камалган бир тууган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков 19-сентябрда камерадагылар менен мушташып, таяк жеп, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан текшерүүдөн өтүп, N47-абак-ооруканага жаткырылган. Алар олуттуу жаракат албагандыктан, ал жерден 21-сентябрда чыгарылып, кайрадан СИЗО-1ге алынып барылган. Ошол күнү Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү барып, сурашканда, ага-инилер сабалганын четке кагып, арыз жазуудан баш тарткан.

Канткен күндө да, бүгүн алардын палатадан түшкөн сүрөттөрү социалдык тармакка тарады. Бир туугандардын биринин оң колу, биринин сол колу гипстелген. Экөөнүн тең оң көзү кичирейип калган… Сабалган кандай болоорун Кудай бир заматта ушинтип эле көрсөтүп коет. Таба эмес, тобо!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.