9-кызматтан өзү тандап алган Атамбаевдин жансакчысы киши өлтүргөнбү?

9-кызматтан өзү тандап алган Атамбаевдин жансакчысы киши өлтүргөнбү?

Бүгүн, 25-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев кармалып, 48 саатка камакка алынды.

Мыйзам боюнча, мурдагы президент кызматын тапшыргандан кийин, ага мамлекет жансакчы бөлүп берет. Алмазбек Атамбаев УКМКнын 9-кызматынан Канат Сагымбаевди өзү тандап алганын УКМКнын төрагасы О.Опумбаев журналисттерге жыйын бергенде айткан.

Адвокаттын айтымында…

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Канат Сагымбаевди Аскердик прокуратурасы кечээ (24-сентябрда), саат 23:00дө кармап, ага Кылмыш кодексинин беренеси боюнча төрт («Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу») айыбын угузуп, кылмыш ишин козгоп, 48 саатка камакка алган. Анын баш коргоо чарасы каралганга чейин ал Бишкек горнизонунда кармалат.

Адвокат аны кармоодо мыйзам бузулганын, ал жансакчы катары өз милдетин так аткарганын, эч кандай кылмыш кылбаганын, эч кимди өлтүрбөгөнүн баса белгилеп айтты.

УКМКнын айтымында…

УКМК буга чейин (20-сентябрда) Канат Сагымбаевдин иштен алынышы боюнча маалымат тараткан. Алардын айтымында, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Ал июлда кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Сентябрда болсо УКМКнын ички жоболоруна карабастан, ЖМК өкүлдөрү менен байланышка барган. Ушундай эки териштирүүнүн жыйынтыгында, “кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде ал кызматтан алынган.

Ал эми адвокат Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы үчүн Сагымбаев УКМКдагы 9-кызматтан кеткенин соцтармакка жазган.

Операция ишке ашпай, полковник каза болгон күн…

Эскерте кетсек, 7-8-августта, Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында, аны кармоо операциясы жүрүп, ал ишке ашпай калган. Эки тарап кагылышып, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100гө жакын адам жаракат алган. Ушул окуялардан кийин, Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасына күбө катары чакырылып, сурак берип чыккан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.