ФОТО — Биз сыймыктанган Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси. Алп кызыбыз атасына окшош бекен?

ФОТО — Биз сыймыктанган Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси. Алп кызыбыз атасына окшош бекен?

Бүгүн, 25-сентябрда, президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы, анын ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекованы, машыктыруучусу Нурбек Изабековду,  кабыл алып, жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин Бишкектен бир бөлмөлүү үйлүү болгон. Аны «ТС Групп Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Алмаз Тиленов белек кылган. Ал Айсулуу айымдын жеңишин “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу куттуктап, мындай деп жазган: “Үй-бүлөмдүн жана биздин курулуш компаниянын атынан сизге жаңы салынып жаткан «Сулайман Тоо» турак жайынан бир бөлмөлүү батирди белек кылалы деп чечтик. Биздин белегибизди жана куттуктообузду кабыл алып коюңуз! Сиз Курманжан Датка, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эң мыкты айымдардын катарына кирип, турмушта өчпөс из калтырдыңыз! Жеңишиңиз кут болсун! Дайыма Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, жалаң жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздү каалайбыз!”.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Сенин алтын медалың – Кыргызстандын чоң ийгилиги”

Президент Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктаган. «Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Айсулуу Тыныбекова президентке, жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн рахматын айтып, бул жеңишин өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арнаганын айтты.

Нурбек ИЗАБЕКОВ: “Жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алды”

Президент ошондой эле көп жылдан бери аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди. Нурбек Изабеков бул мелдеште Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын эске салды.

Жолугушуунун соңунда, президент Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

Белекке алган батирине кирди…

Ушул эле күнү Айсулуу Тыныбекова президенттен белекке алган үч бөлмөлүү үйүнө киргенин соцтармакка жазып, апасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү аталган. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен беттешип, 5:3 эсебинде аны жеңип алган. Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан кыз болуп аты тарых барактарына жазылып калды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.