Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ: “Силерди угуп отурсак, бизде жыргализм доору сүрүп жатат…”

Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ: “Силерди угуп отурсак, бизде жыргализм доору сүрүп жатат…”

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңеште мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу мыйзам долбоору каралып, талкууланды. Ага Билим жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана министрликтин өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев алардын суроо-жообун угуп отуруп, өзүнө сөз кезеги келгенде: “Профилдик ведомствонун аткаминерлеринин баары кооз сүйлөйт. Силерди угуп отурсак, бизде жыргализм доору сүрүп жатыптыр, чынында такыр андай эмес. Мен Ат-Башы районундагы мектепте болдум. Ал жакта сиздер айтып жаткандын бири да жок. Эч кандай ашкана, заманбап жабдыктар жок. Жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү аталган мектептерди барып көргөн да эмес», -деди.

Эскерте кетсек, Билим жана илим берүү министри Каныбек Исаков бүгүн парламентте ант берди. Ал бул кызматка 11-сентябрда келген, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 107 депутаты жактырып, колдоп берген. Эртеси премьер-министр М.Абылгазиев өзү ордуна алып барып отургузуп, аталган министрликтин аппаратынын эмгек жамааты менен тааныштырган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.