ИИМ: «Милиция сизди коркутса, шантаж кылып, акча сураса, анда бизге чалыңыз!»

ИИМ: «Милиция сизди коркутса, шантаж кылып, акча сураса, анда бизге чалыңыз!»

Бүгүн ИИМдин маалымат кызматы милиция акча талап кылса же коркутса кайда кайрылуу керектигин айтып, телефон номерлерди таратты. «Тартип коргоо органдарынын кээ бир өкүлдөрү кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамды бузат. Ал тургай кылмыш жасап жатат. Эгерде милициянын мыйзамсыз мамилесине кабылсаңыз (мыйзам бузуу, кылмыш боюнча арыздарды кабыл алуудан баш тартса, акча талап кылса, коркутса, шантаж кылса ж.б.) бизге билдирүүнү өтүнөбүз», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

ИИМдин ички иликтөө (0704-999-918, 0999-917-397) кызматына же ИИМдин нөөмөт 0312 66-23-31 бөлүмүнө күнү-түнү кайрылсаңыз болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.