Парламентте мектепке хиджаб кийүү маселеси көтөрүлүп, ага тыюу салынганы айтылды

Парламентте мектепке хиджаб кийүү маселеси көтөрүлүп, ага тыюу салынганы айтылды

Бүгүн, 25-сентябрда, парламентте дин тутуу жана диний уюмдарды каттоого байланыштуу мыйзам долбоору каралып, диний маселе боюнча талкуу болду. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев катышып, депутаттардын суроосуна жооп берди.

Замир ЧОТАЕВ: “Мектепке хиджаб кийип келүүгө тыюу салынган”

Депутат Кожобек Рыспаев мектептеги хиджаб маселеси боюнча Замир Чотаевге суроо узатканда, ал Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан, мектепте хиджаб кийип келүүгө тыюу салынганын билдирди. Депутат анын жообуна ыраазы болуп, бул маселе боюнча коомчулукка Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экендигин сунуш кылды.

МИНИСТРЛИК: “Бардык окуучулар мектептик форма кийиши керек!”

Билим берүү жана илим министрлиги хиджаб кийүү боюнча мамлекеттин мыйзамын түшүндүрдү. “Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат. Жалпы билим берүүчү мектептер да динден тышкары болуп эсептелет. Өкмөт тарабынан мектептик формага сунуштамалар бекитилген, алардын арасында үстү кара, асты ак формалар бар. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам менен билим берүү уюмдарында динден тышкары мүнөздөгү окутуу киргизилген. Токтомго ылайык, бардык окуучулар мектептик форма кийиши керек. Хиджаб кийген кыздарга мектеп жетекчилери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — дейт аталган министрлик.

Кыргызстанда үч миңге жакын диний уюм катталган

Ошондой эле бүгүн парламент жыйынындагы диний маселе боюнча талкууда өлкө боюнча үч миңге жакын диний уюм катталганы маалым болду. Кыргызстанда окуучулардын мектепке хиджаб кийип келүү маселеси көтөрүлүп, мыйзам түшүндүрүлгөнү менен мыйзамга баш ийбей, аша чаап динге берилген ата-энелер бар. Алар кичинекей кыздарына хиджаб кийгизип, мектепке жөнөтүп жатканын көрүп эле жатабыз. Алар «адам укугу бузулуп жатат» деп кабыл алып, балдарына да ошентип түшүндүрүшөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.