“Уялчаак” депутат Камчыбек Жолдошбаев уялбай эле кенди каалагандай калчап баштаптыр

“Уялчаак” депутат Камчыбек Жолдошбаев уялбай эле кенди каалагандай калчап баштаптыр

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы жергиликтүү элдин маалыматына таянсак, “Уялчаак” деген каймана атка конгон ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаев кенди каалагандай калчап баштаптыр. Жергиликтүү элдин маалыматы төмөндөгүдей.

“2015-жылы Соцпакет төккөн эмес. 2016-2017-2018-жылдары жылына 100 000 сом, 100 тонна көмүр берип келген. Ушул жылдын май айында келишими бүткөндө, жергиликтүү эл «Сардар» фирмасынын иштешине каршылыгын билдирип, Мамлекеттик геологияга кайрылышканда иштетүү мөөнөтүн токтотуу чечими болгон. Кандайдыр бир себептер менен К.Жолдошбаев лицензиясын 2029-жылга чейин узартып алган. Бирок жердин ээси катары жергиликтүү элдин уруксаты жок кенди казганга уруксат берилген эмес. Элди тоготпогон Жолдошбаев жолду тосуп башка фирмалардын иштөөсүнө жана элдин кышка көмүр алып камынышына тоскоолдук жаратып, элдин кийлигишүүсү менен араң дегенде жолду ачкан. Бирок К.Жолдошбаевдин мыйзамсыз ишин карап жаткандар бир эки гана беренеге каршы иш кылган делинип, 13 миң сомдон 26 миң сом гана айып пулун төлөгөн. Бирок Жолдошбаев 1500 тоннадан ашык көмүрдү мыйзамсыз казып, ташып койгон.
Нааразы тарап (жергиликтүү эл, депутаттар) губернатор, аким, айыл өкмөттү ээрчитип барган элди Жолдошбаев “сутенёрлор” деп кемсинтип, өкмөттүн өкүлдөрүн киши катары көргөн эмес.
Жылына төлөнчү 1 млн соцпакетти башка фирмалар төлөп жатса, Жолдошбаев гана: “500 миң эле төлөйм, билгениңерди кылгыла”,- деп, жергиликтүү элди, губернатор, акимдерди тоготкон эмес. Бул эл өкүлү кайдан чыккан машаяк? Же элди каалагандай калчап, өз билгенин кылганга мыйзам жол береби?

Баса, ал жака он беш чакты чала спортсмендерди алып барып алып, каалаганына кезек берип, кезек жетпегени кезерип ачка, КамаЗдарында түнөшүп, акырында бычакташканга чейин барышкан экен.

Урматтуу эл өкүлдөрү Камчыбек Жолдошбаевге тийешелүү чара колдонуп бериңиздер! Жакында Ак-Талаага барган депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Жанар Акаев ушул ишти көзөмөлдөп берсеңиздер!”,-деп аягын бүтүрүшкөн. Аты аталган эки депутатка үмүт артышты. Эл өкүлдөрү элдин мындай маселесин оң жагына чечип беришээр…

P.S. Бул маалымат журналист Эрлан Бекчоро уулунун “Фейсбуктагы” баракчасынан алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.